14-апрелге карата аба ырайы

© AP Photo / Nam Y. HuhЖаан учурунда бара жаткан кол чатыр кармаган киши. Архив
Жаан учурунда бара жаткан кол чатыр кармаган киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2024
Жазылуу
14-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жекшембиде күндүз дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +17…+22, Талас, Ысык-Көл чөлкөмдөрүндө +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +18…+23, Нарын облусунда +15…+20 градус болот.
Термометр Бишкекте +19…+21, Ош шаарында +20…+22 градусту көрсөтөт.
Бишкекте ысыкта эл аялдамада коомдук транспортту күтүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
35 градуска чейин ысыйт. Май айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0