Кыргызстанда жер титиреди

© AFP / OLIVIER MORINСейсмограф. Архив
Сейсмограф. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бүгүн, 12-апрелде, Кыргызстандын аймагында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, саат 14:13тө Кытайдын аймагында очогунда күчү алты баллга жеткен жер титирөө катталган.
"Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында үч баллга чейин сезилди", — деди ӨКМ.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Сейсмограф. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
Башкы сейсмолог өлкөнүн сейсмикалык картасын жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0