https://sputnik.kg/20240411/zhajga-chejin-aryktajm-degenderge-kenesh-1084130944.html
Жайга чейин арыктайм дегендерге дарыгер кеңештери берди
Жайга чейин арыктайм дегендерге дарыгер кеңештери берди
Sputnik Кыргызстан
Адис тамактануудан сырткары кыймыл-аракетке жана уйкуга маани берүүүгө чакырган. 11.04.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-04-11T09:43+0600
2024-04-11T09:43+0600
2024-04-11T09:43+0600
уйку
тамактануу
дарыгер
арыктоо
https://sputnik.kg/img/104247/14/1042471499_0:0:3388:1907_1920x0_80_0_0_dc4c3c27f838f41f8179774ae964e034.jpg
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жайга чейин арыктайм дегендер эмнелерди эске алышы керектигин эндокринолог Наталия Тананакина "Известия" гезитине берген маегинде айтып берди. Адис тамактын убактысына жана өлчөмүнө көңүл бурууга чакырат.Ал салмак таштайм дегендер рациондон картошка, сабиз, кызылча, баклажанды алып салып, жашылча салаттарына, бадыраң, редиска, помидор, сельдерейге көңүл бурушу керектигин айтты.Жемиште глюкоза болгондуктан, күнүнө 300-400 грамм гана жеген сунушталат. Банан менен жүзүмдүн калориясы көп, андыктан убактылуу баш тарта туруу оң экени айтылды.Мындан сырткары, сууну көп ичиш керек. Суу зат алмашуу процессин тездетип, ачка болтурбай, ашыкча тамактанып алууну дагы алдын алат."Спирт ичимдиктеринен этият болуңуздар. Анын калориясы жогору, ичкенден кийин табит да ачылып, адам тамакка тартылат. Анүстүнө ичегинин былжыр челин дүүлүктүрүп, зыянын тийгизет", — деди дарыгер.Буга кошумча кыймылда болуп, спорт менен алектенүүгө жана уйкуну кандырууга кеңеш берилди. Дарыгер спорттун оор түрүнө караганда жеңил түрү көбүрөөк натыйжа берип, стресстен да арылта турганын белгилеген.
https://sputnik.kg/20240314/daryger-aryktoo-kenesh-1083392762.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104247/14/1042471499_128:0:3148:2265_1920x0_80_0_0_7ba2ef2006bb71d3381bb40236f47537.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
уйку, тамактануу, дарыгер, арыктоо
уйку, тамактануу, дарыгер, арыктоо
Жайга чейин арыктайм дегендерге дарыгер кеңештери берди
Адис тамактануудан сырткары кыймыл-аракетке жана уйкуга маани берүүүгө чакырган.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жайга чейин арыктайм дегендер эмнелерди эске алышы керектигин эндокринолог Наталия Тананакина "
Известия" гезитине берген маегинде айтып берди.
Адис тамактын убактысына жана өлчөмүнө көңүл бурууга чакырат.
"Порцияны төрткө бөлүп алыш керек: углевод, белок, өсүмдүк клетчаткасы жана майлар. Тамактанган сайын белок жана клетчатка жеш керек, бул пайдалуу гана болбостон, адамды ток кармайт. Мөмө-жемиш менен жашылчаларды күндүн биринчи жарымында жесе метоболизм жакшырып, витамин, минерал, антиоксиданттар сиңимдүү болот", — деген Тананакина.
Ал салмак таштайм дегендер рациондон картошка, сабиз, кызылча, баклажанды алып салып, жашылча салаттарына, бадыраң, редиска, помидор, сельдерейге көңүл бурушу керектигин айтты.
Жемиште глюкоза болгондуктан, күнүнө 300-400 грамм гана жеген сунушталат. Банан менен жүзүмдүн калориясы көп, андыктан убактылуу баш тарта туруу оң экени айтылды.
Мындан сырткары, сууну көп ичиш керек. Суу зат алмашуу процессин тездетип, ачка болтурбай, ашыкча тамактанып алууну дагы алдын алат.
"Спирт ичимдиктеринен этият болуңуздар. Анын калориясы жогору, ичкенден кийин табит да ачылып, адам тамакка тартылат. Анүстүнө ичегинин былжыр челин дүүлүктүрүп, зыянын тийгизет", — деди дарыгер.
Буга кошумча кыймылда болуп, спорт менен алектенүүгө жана уйкуну кандырууга кеңеш берилди. Дарыгер спорттун оор түрүнө караганда жеңил түрү көбүрөөк натыйжа берип, стресстен да арылта турганын белгилеген.