Баткендеги кыпчак боордошторун издеген венгриялык изилдөөчү. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек тарыхый сүрөттөрдү таап, анын таржымалын айтып берет.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Атактуу түрк таануучу, теги венгриялык кыпчак, маркум Иштван Коңур Мандоки (сол жакта) менен топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов экөөнүн сүрөтү 1988-жылы Фрунзе шаарында тартылган.
Илимпоз Темиркул Эшенгулов бул сүрөттүн тарыхын баяндап, 1986-жылы ноябрда Кыргызстан биринчи жолу түрк элдеринин ономастикасы боюнча союздук маанидеги илимий конференция өткөргөнүн баяндап берди. Иш-чараны Илимдер академиясынын Тил жана адабият институту, Кыргыз совет энциклопедиясынын башкы редакциясы жана Кыргызстандын географиялык коому биргелешип өткөргөн. Эшенгулов конференцияны уюштурууга катышкан.
"Конференцияга ономастика боюнча СССРдеги белгилүү адистер жана жазуучу Чыңгыз Айтматов катышып, венгриялык чыгыш таануучу Иштван Коңур Мандоки да келген. Ал биринчи жолу 1980-жылдардын башында Фрунзеге келгенин уккам. Жогорудагы иш-чара бүткөндөн кийин конокторду Ысык-Көлгө алып барганбыз. Ал жерден белгилүү окумуштуу Кадыралы Коңкобаев мени Мандоки менен тааныштырды. Ошол кезден баштап экөөбүз ынак болуп, илимий жаатта кызматташа баштадык. Ысык-Көлдөн келгенден кийин ал мамлекеттик радио жана телеберүү боюнча комитетинин телевидениесинде (азыркы УТРК) кыргыз жана казак тилин аралаштырып маек берген. Иштван бала кезинен казак тилин үйрөнгөн экен. Анын үстүнө Коңурдун жубайы Оңгайша казак элинин кызы. Өз сөзүндө ал 13-кылымда кыпчак ата-бабалары моңгол баскынчыларынан качып Венгриядан баш паанек таап, бара-бара тилин унутуп калышканын арман кылып айткан. Ушундан улам ата-бабаларынын тили менен тарыхына кызыгып, түрк таануучу адистигин тандаган экен. "Кыргыз тили ата-бабаларымдын тилине аябай окшош болгон үчүн үйрөндүм. Баткен аймагындагы кыпчак кандаштарыма жолугуу ниетим бар" деди эле. Анын сөзү калың элдин арасында кызуу талкуу жараткан. Буга чейин чет элдик түрк таануучулар мындай маек берген эмес. Маектен кийин Мандокинин илимий ишине кызыккандар чыкты", — деди Эшенгулов.
Иштван Коңур Мандоки 1992-жылы Дагестандагы түрк тектүү кумыктарды изилдөөгө барып, каза болгон. Керээзи боюнча Алматынын Кеңсай көрүстөнүнө коюлган. Кесиптештери Мандокинин батыш менен чыгыш түрк таануучуларынын ортосунда алтын көпүрө болгонун белгилеп келишет.
Тема боюнча:
Бутумду кучактап "кыргызга салам айт" деп ыйлаган кандаш. Афганчылардын баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0