Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

"Жашыл мурас": быйыл 8,5 млн. көчөт отургузуу пландалууда

© Sputnik / Асель СыдыковаЖаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын өсүмдүктөр дүйнөсү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Канат Дабаев
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын өсүмдүктөр дүйнөсү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Канат Дабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2024
Жазылуу
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын өсүмдүктөр дүйнөсү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Канат Дабаев өлкө аймагында жашыл аянттарды көбөйтүү иштери тууралуу айтып берди.
Президент Садыр Жапаров 2022-жылы Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылынын, Тоо экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылынын алкагында Кыргызстан боюнча "Жашыл мурас" улуттук кампаниясын баштаган. Жыл сайын өлкө боюнча, анын ичинде Бишкек шаарында көчөт отургузуу иштери аткарылууда. 2023-жылы акциянын алкагында 7,5 миллион көчөт отургузулду. Бул тууралуу Канат Дабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Жашыл мурас": быйыл 8,5 млн. көчөт отургузуу пландалууда
Анын айтымында, быйыл 8,5 миллион көчөт отургузуу пландалууда.
"2022-жылы өнөктүктүн алкагында өлкө боюнча 4 223 гектар жерге 5 миллион 364 миң 907 көчөт отургузулган. Бак-дарактардын 73 пайызы тамыр алып көгөргөн. Өткөн жылы өлкө боюнча жалпы 5 077 гектар аянтка 7 миллион 572 миң ар түрдүү бак-дарактардын көчөттөрү отургузулса, анын 64 пайызы тамыр алды. Жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар куурап өспөй калган көчөттөрдү жаңысына алмаштырып, толукташат. Ошондой эле көчөттөрдүн өсүп кетүүсүнө жайылган мал да тоскоолдук жаратып жатат. 2024-жылы республика боюнча 8,5 миллион көчөт отургузуу пландалууда. Ар бир аймактын табигый географиялык абалын жана климаттык шартынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары кайсы жерге кандай көчөттөрдү отургузууну айтышат. Ал эми Бишкек шаарын муниципалдык "Бишкек зеленхоз" ишканасы тейлейт. Ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өз аймагындагы отургузулган көчөттөрдү сугаруу, багуу жана сактоо үчүн жооптуу", — деди Дабаев.
Ал "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында багбанчылык дагы өнүгүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0