Быйыл дем берүүчү гранттарга бюджеттен 1,5 млрд. сом каралды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЖаңы мектептин классы. Архив
Жаңы мектептин классы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2024
Жазылуу
Каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфратүзүм объектилерин жакшыртууга жумшалат.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Быйыл дем берүүчү гранттарга бюджеттен 1,5 миллиард сом каралганын Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул жылкыга 439 долбоор жактырылган.
Дем берүүчү грант — аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (мектеп, бала бакча, медициналык мекемелер ж.б. курулушу) ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү акча.
Жерди казып жаткан экскаватор. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2024
Суу ресурстары кызматына быйыл 366 млн. сомдук техника алынат
Жаңылыктар түрмөгү
0