Кыска мөөнөттүү бала бакчалар боюнча 7 суроого жооп

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүБала бакчада балдар менен ойноп жаткан тарбиялоочу мугалим. Архив
Бала бакчада балдар менен ойноп жаткан тарбиялоочу мугалим. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2024
Жазылуу
Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалар чекесинен ачылып, алгачкысы Чүй облусунда бөбөктөрдү кабыл ала баштады.
Кыска мөөнөттүү бала бакчанын иши кандай уюштурулат, тарбиячылардын айлыгы, режими, кадимки бакчалардан айырмачылыгы боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова түшүндүрмө берди.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуБилим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова
Начальник управления дошкольного образования Министерства образования и науки КР Нурзида Касымова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2024
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова
Кыска мөөнөтүү бала бакчанын катардагы бакчалардан айырмачылыгы
Мындай бакчалар катардагылар сыяктуу эле жыл бою туруктуу иштейт. Болгону азыркы бала бакчалар 10 саат иштесе, кыска мөөнөттүүлөр балдарды 3 саат гана карайт. Ал жакта балдар тамак ичпейт, уктабайт. Мектепке чейинки билим берүүнү толук өздөштүрүшөт. Мисалы, 3 жаштагы бала ошол курактагы программаны үйрөнөт. Бир күндө үч сааттан эки смен болот. Кыска мөөнөөтүү бакчаларга 3 жаштан 6 жашка чейинки бөбөктөр барышат.
Кыска мөөнөттүү бала бакча кайсы аймактарда ачылат?
Мындай бала бакчалар Бишкек шаарында ачылбайт. Алыскы тоолуу аймактарда, муктаждык жогору болгон жерлерде, балдардын саны көп болуп, бирок такыр бала бакчасы жок айылдарда, балдардын саны көп жерлерде ачылат. Тагыраагы, Талас облусунда 35, Ысык-Көлдө 63, Чүйдө 72, Ош облусунда 148, Жалал-Абадда 129, Нарында 79, Баткенде 34, жалпысынан 560 бакча ачылмакчы.
Буга чейин министрлик 500ү кыска мөөнөттү бала бакча, 60ы өнүктүрүү борборлору деген маалымат берген. Экөөнүн айырмасы эмнеде?
Экөө окшош, экөө тең кыска мөөнөттүү бала бакча болот. Болгону экөөнүн долбоору эки башкача аталат. 500ү "Келечек" билим берүү долбоорунун алкагында, 60ы Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө долбоорунун алкагында уюштурулмакчы.
Бардыгы ушул жылы ачылабы?
Акырындык менен чекесинен ачылып баштады. 560 бакча толугу менен 2025-жылдын май айына чейин уюштурулуп бүтөт.
Кадимки бакчаларда ата-энелер акча төлөйт, кыска мөөнөттүү бакчалар акы алабы?
Кыска мөөнөттүү бала бакчалар акысыз. Бул долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жатат.
Тарбиячылардын айлык акысы
Мында кадимки бала бакчадай эле тарбиячылар иштейт. Бирөө 25тен 50 балага чейин карайт. Түшкө чейин 3 саат, түштөн кийин 3, жалпы 6 саат иштешет. Эмгек акысы жалпы бюджеттен төлөнөт. Кадимки бала бакчаларда тарбиячылар 10 саат иштегенине алса, мында 6 саат иштегенине төлөнөт. Тагыраагы, айлыгы саатына жараша чыгат.
Кыска мөөнөттүү бакчага бөбөктөр кандай критерий менен алынат?
Бул жерде муктаждыкка карап алышат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына артыкчылык берилет. Негизи Кыргызстанда 900 миңдей бөбөк бакчага барбайт. Кыска мөөнөттүү бакча менен азырынча 40 миңдей бөбөктү эле камсыз кыла алабыз.
Бишкектеги Тунгуч кичи районундагы мектептин окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
Адис: билим берүү реформасын эмгек рыногуна жараша жүргүзүү керек
Жаңылыктар түрмөгү
0