АКШ Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышына тынчсызданууда

© AP Photo / J. Scott ApplewhiteАКШнын Мамлекеттик департаментин имараты. Архив
АКШнын Мамлекеттик департаментин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2024
Жазылуу
Мамлекеттик департамент буга чейин да бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө "тынчсыздануусун билдирген". Садыр Жапаров АКШ Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүсүнүн белгилерин көрүп жатканын айткан.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ/БӨУ) жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирди.
Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Мэтью Миллердин мындай билдирүүсүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги таратты.
"Биз демократиялуу жана инклюзивдик Кыргызстан үчүн маанилүү болгон бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч туудурган "Чет элдик өкүлдөр жөнүндө" мыйзам долбоорунун кабыл алынганына терең тынчсызданып жатабыз. Бул аракет демократиялык башкарууга жана жарандык коомго доо кетирип, уюмдардын ишмердүүлүгүн чектеп же токтотушу мүмкүн", — деп айтылат Миллердин билдирүүсүндө.
Ал бейөкмөт уюмдар бардык кыргызстандыктардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн бийлик менен коомдун ишин бириктирүүдө чечүүчү роль ойной турганын белгилеген. Миллердин айтымында, мыйзам БӨУларга ашыкча жүк жүктөйт жана Кыргызстандын элине жардам көрсөткөн уюмдардын ишмердүүлүгүн чектейт.
"Бул уюмдардын ишин чектөө жана алардын ишмердүүлүгүнө мамлекеттин кийлигишүүсү саламаттык сактоого, билим берүүнү жакшыртууга, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө, мамлекеттик кызматтарды жакшыртууга жана кыргызстандыктар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган Американын жардамын жеткирүүдө тоскоол болушу мүмкүн", — деген Миллер.
2-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдар жана алардын чет элдик өнөктөштөрү мыйзамга кол койбоону суранышканын билдирди.
"Чет өлкөлүк донорлорду биздин өкмөттүк эмес уюмдар "куугунтук болот, бизди чет өлкөнүн агенти деп камашат" деп алдап жатышат. Алар ишенип алышкан. Ошол үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартышымды суранышкан. Бейөкмөт уюмдар эч жерге катталбай, эч кимге отчёт беришчү эмес. Донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен", — деген Жапаров.
Ал мамлекет башчысы катары эч кандай куугунтук болбой турганына кепилдик берерин убадалаган.
"Буга чейин "баланча тегерек стол, тренинг уюштурдум, тиги долбоорго мынча акча жумшадым" деп донорлорду алдап отчёт берип келгенсиңер. Калп десеңер четинен таап берем. Эмне үчүн ошол эле өнүккөн Батыш өлкөлөрүндө өкмөттүк эмес уюмдар Юстиция министрлигине катталып, банктан эсеп ачып, салык кызматына каттоого туруп иштешет дагы, бизге келгенде эле болбойт? Биз экинчи сорттогу мамлекетпизби? Жок, андай эмес. Мындан ары андай алешемдиктерге жол бербейбиз", — деген президент.
Март айында Жогорку Кеңеш коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ/БӨУ) жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алган. Документке ылайык, "чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткаруучу коммерциялык эмес уюм" деген түшүнүк киргизилет.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилерине тынчсызданып жатканын айткан. Жооп иретинде президент каттын мазмунунда өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүнүн белгилери бар экенин билдирген.
Буга чейин Садыр Жапаров Батыштын "сөз эркиндигин жамынуу" менен "өкмөттүн саясатын каралоо жана жалган маалымат таратууга багытталган" айрым долбоорлорун сынга алган.
РФ коргоо министри Сергей Шойгу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2024
Шойгу: Батыштын бейөкмөт уюмдары Борбор Азияда ишмердигин күчөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0