3-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүПаркта сейилдеп жургон кишилер. Архив
Паркта сейилдеп жургон кишилер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2024
Жазылуу
3-апрелде түнкүсүн өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +13…+18, Талас жеринде +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +14…+19, Ысык-Көл облусунда +9…+14, Нарын чөлкөмүндө +8…+13 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында +16…+18 градус болот.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында балдар самокаттарды тээп жүрүшөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
30 градуска чейин жетет! Апрель айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0