КМШнын саламаттык сактоо адистери Санкт-Петербургга чогулушту. Максаты

© Фото / пресс-служба МПА СНГ КМШнын саламаттык сактоо адистери Санкт-Петербургга чогулушту
КМШнын саламаттык сактоо адистери Санкт-Петербургга чогулушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Жазылуу
Жыйында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү сөз сүйлөдү.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Санкт-Петербургда КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын саламаттык сактоо боюнча эксперттик кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу маалымат уюмдун аткаруу комитетинин сайтына жарыяланды.
Анда КМШ өлкөлөрүндө саламаттык сактоодогу улуттук стандарттарды иштеп чыгуу жана далилдүү базаны түзүү, уюмга мүчө өлкөлөрдө биоэтика жана биокоопсуздукту камсыздоо талкууланды.
Иш-чарага депутаттар, КМШ өлкөлөрүнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, КМШнын Аткаруу комитетинин, КМШ өлкөлөрүнүн илимдер академияларынын жана университеттеринин өкүлдөрү, кесипкөй коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле "Клиникалык колдонмолор жана улуттук ден соолукту өнүктүрүү боюнча евразиялык кызматташтык" эл аралык уюмунун жетекчилери катышты.
© Фото / пресс-служба МПА СНГ

Санкт-Петербургда КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын саламаттык сактоо боюнча эксперттик кеңешинин жыйыны өттү

Санкт-Петербургда КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын саламаттык сактоо боюнча эксперттик кеңешинин жыйыны өттү - Sputnik Кыргызстан
1/2

Санкт-Петербургда КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын саламаттык сактоо боюнча эксперттик кеңешинин жыйыны өттү

© Фото / пресс-служба МПА СНГ

Анда КМШ өлкөлөрүндө саламаттык сактоодогу улуттук стандарттарды иштеп чыгуу жана далилдүү базаны түзүү, уюмга мүчө өлкөлөрдө биоэтика жана биокоопсуздукту камсыздоо талкууланды

Анда КМШ өлкөлөрүндө саламаттык сактоодогу улуттук стандарттарды иштеп чыгуу жана далилдүү базаны түзүү, уюмга мүчө өлкөлөрдө биоэтика жана биокоопсуздукту камсыздоо талкууланды - Sputnik Кыргызстан
2/2

Анда КМШ өлкөлөрүндө саламаттык сактоодогу улуттук стандарттарды иштеп чыгуу жана далилдүү базаны түзүү, уюмга мүчө өлкөлөрдө биоэтика жана биокоопсуздукту камсыздоо талкууланды

1/2

Санкт-Петербургда КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын саламаттык сактоо боюнча эксперттик кеңешинин жыйыны өттү

2/2

Анда КМШ өлкөлөрүндө саламаттык сактоодогу улуттук стандарттарды иштеп чыгуу жана далилдүү базаны түзүү, уюмга мүчө өлкөлөрдө биоэтика жана биокоопсуздукту камсыздоо талкууланды

КМШ ПАА кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий санариптик технологиялар саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүү жана калктын саламаттыгын коргоо үчүн маанилүү ресурс болуп жатканын белгиледи. Өткөн жылы ассамблеяда "Санариптик ден соолук жөнүндө" моделдик мыйзам кабыл алынганын да кошумчалады.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европанын аймактык директорунун Россиядагы атайын өкүлү Бактыгүл Карриева санариптик ден соолукту саламаттык сактоо системасынын келечеги катары белгиледи.
"Жасалма интеллект биз көнүп калган дүйнөнү, анын ичинде саламаттык сактоо тармагын түп-тамырынан өзгөртүп жатат. Европа аймагындагы өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгү БУУнун санариптик стратегияларына ээ. Анда электрондук медициналык карталардын кайсы бир түрү колдонулуп, алардын купуялуулугун коргоо үчүн мыйзамдар кабыл алынган. Санариптик саламаттык сактоо каражаттары үнөмдүү жана эффективдүү болушу үчүн биз эл аралык кызматташтыкты жана билим алмашууну күчөтүшүбүз керек", — деди ал.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова негиздүү чечимдерди кабыл алууда санариптик платформалардын мүмкүнчүлүктөрү жана ролу тууралуу айтып берди.
Ал 2023-жылы санариптик ден соолуктун негизги тенденциялары катары мобилдик ден соолук тиркемелерин, электрондук медициналык жазууларды, тагынып жүрүүчү аппараттар менен аралыктан жасалуучу мониторингди атады. Адис клиникалык маалыматтардын, анын ичинде электрондук ден соолук карталары (EHRs), оорулардын реестрлери, бейтаптарды сурамжылоо жана маалымат алмашуунун саны менен сапаты тездик менен өсүп жатканын белгиледи.
Жыйында ошондой эле санариптик технологияларды киргизүүнүн этикалык маселелери, медициналык кадрларды даярдоодо санариптик билим берүү платформаларын жана акыркы технологияларды колдонуу менен медициналык реабилитациянын сапатын көзөмөлдөө маселелери талкууланды.
Кеңештин мүчөлөрү КМШ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү жаатында мамлекеттер өз ара кызматташуусу үчүн шарт түзүүгө көмөк көрсөтүүнү чечишти.
Кеңештин кийинки отуруму 2024-жылдын октябрь-ноябрь айларына пландаштырылды.
КМШ мүчө-мамлекеттерин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2024
КМШда миграциялык мейкиндиктин жалпы концепциясы жаңыланат. Эмне өзгөрөт?
Жаңылыктар түрмөгү
0