30-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдун боюнча бара жаткан кол чатыр кармаган кыздар. Архив
Жолдун боюнча бара жаткан кол чатыр кармаган кыздар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Жазылуу
30-мартка караган түнү күн бүркөлүп, сууктайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Ишемби күнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 7...12, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында 9...14, Талас жергесинде 5...10, Нарын аймагында 6...11 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында 8...10 жана Ош калаасында 14...16 градуска чейин жетет.
Жазгы кар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2024
Үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0