Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Россия уулуу калдыктарды рекультивациялоого 2,1 млрд. рубль бөлөт

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуӨзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов
Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2024
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов өлкөдөгү уулуу калдыктарды сактаган жайларды зыянсыздандыруу иштери тууралуу маалымат берди.
Өлкөдөгү уулуу калдыктар сакталган жайларды рекультвациялоого жыл этегине чейин 2 миллиард 141 миллион рубль каржат бөлүнөрү пландалууда. Бул тууралуу Азамат Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мамытов: курал-жарактын дүйнөлүк экспортунун 38%ы АКШга туура келет
Анын айтымында, республика боюнча 92 калдык сактоочу жайдын 60ы ӨКМдин балансында.
"Кен иштетүүчүлөрдүн балансындагы 32 калдык сактоочу жайды зыянсыздандырууга ишканалар милдеттендирилген. Ал эми 90-жылдардан кийин каралбай калган калдык сактоочу жайлар дарыянын жээктеринде жайгашып, айлана-чөйрөгө кооптуулук жаратат. Ошол эле Нарындын жээгинде Миң-Куш, Майлы-Суу коңшу өлкөлөр үчүн да коркунучтуу болуп саналат. Булардын көпчүлүгү уран иштетүүдөн улам пайда болуп, 60-жылдардагы технология менен көмүлгөн. Бирок техногендик, табигый тектоникалык мүнөздөгү өзгөрүүлөрдөн улам калдык сактоочу жайлардын абалы оорлоп кеткен. Буларды зыянсыздандыруу үчүн донор издеп, дүйнө коомчулугуна жар салган учурлар болду. Азыркы тапта эң кооптуу делген калдык сактоочу жайларды зыянсыздандырууга каражат табылып, алды рекультивацияланууда. Эң биринчилерден болуп Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн 12 миллион долларга 2006-2012-жылдарда Майлы-Суудагы үч калдык сактоочу жай зыянсыздандырылды. 2013-жылдан баштап КМШ алкагында мамлекет аралык программа иштелип чыккан. Ага ылайык, уран өндүрүшүнөн улам калган зыяндуу жайларды рекультивациялоо үчүн атайын фонд түзүлгөн. Анын 75 пайызын Россия, 15 пайызын Казакстан, Кыргызстан менен Тажикстан беш пайыздан каржыламак. Ал каражаттан 97 миллион рублге Кажы-Сайдагы калдык сактоочу жайлар коопсуздандырылды. Учурда Миң-Куштагы төрт калдык сактоочу жайды зыянсыздандыруу иштери Россиянын Росатом компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Жылдын этегине чейин Россия тарабынан дагы 2 миллиард 141 миллион рубль каржат бөлүнүп, беш калдык сактоочу жайды рекультивациялоо мерчемделүүдө", — деди Мамбетов.
Ошондой эле ал учурда жүргүзүлүп жаткан иштер жыйынтыкталса кооптуу делген жайлардын 88 пайызы коопсуз абалда болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0