Шашылыш билдирүү! Бүгүн-эртең айрым аймактарда сел жүрөт

© Sputnik / Кирилл БрагаСелдин кесепети. Архивдик сүрөт
Селдин кесепети. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
Жазылуу
Арыктарды, суу түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалап турууну унутпаңыз.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 21-22-мартында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн айрым жерлеринде дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Синоптиктердин айтымында, бүгүн-эртең катуу жааган жамгырга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.
Арыктарды, суу өтүүчү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалап туруу сунушталат.
Өрүк гүлдөп жаткан жердин жанынан өтүп бараткан элдер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Күн катуу ысыйбы? Апрель айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0