Кыргызстан менен Казакстан союздук мамилени кеңейтүү боюнча келишим түзөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров жана Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив
Президент Садыр Жапаров жана Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Жазылуу
Башка мамлекеттерден куралдуу кол салуу коркунучу жарала турган болсо, Кыргызстан менен Казакстан кечиктирбестен бири-бири менен кеңешет.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан союздук мамилени кеңейтүү боюнча келишим түзөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, буйруктун долбоору "Открытые НПА" сайтына жарыяланган. Документке ылайык, Астана менен Бишкек бири-бирине зыян келтире турган биримдик, блокторго катышпоо милдетин алышмакчы. Ошондой эле коопсуздукка коркунуч жараткан үчүнчү жактар менен кызматташуу же башка иш-аракеттерден да карманышат.
Башка мамлекеттерден куралдуу кол салуу коркунучу жарала турган болсо, Кыргызстан менен Казакстан кечиктирбестен бири-бири менен кеңешет.

"Бул келишим БУУ уставынын 102-беренесине ылайык Бириккен Улуттар Уюмунун катчылыгында катталат”, - деп айтылат кабарда.

Документке кол качан коюлары азырынча белгисиз.
Кыргызстан менен Казакстандын желектри. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Кыргызстан менен Казакстан чектөө жана тыюу салууларды киргизбөөнү макулдашты
Жаңылыктар түрмөгү
0