Төрт күндүк эс алууда калкты тейлөө борборлору иштейби? Министрликтин жообу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКалкты тейлөө борбору. Архив
Калкты тейлөө борбору. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Жазылуу
Министрлик даяр болгон документтерди алып кетүү жана каттоо маселелерин бүгүн же 25-марттан тарта бүтүрүүнү сунуштады.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата төрт күндүк эс алууда Бишкекте калкты тейлөө борборлору иштебейт, бирок кичи тейлөө борборлору эки күн элди кабыл алат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Эске салсак, 21-мартта кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилелейт. Мындан улам 21-март бейшембиден 24-мартка чейин өлкөдө эс алуу деп белгиленген.
Министрлик 21-22-мартта бир дагы Калкты тейлөө борбору иштебей турганын эскертип, даяр болгон документтерди алып кетүү жана каттоо маселелерин бүгүн, 20-мартта, же 25-марттан тарта бүтүрүүнү сунуштады.
23-24-мартта шаарда калкты тейлеген эки кичи борбор иштейт. Алар:
"Азия молл" соода борборундагы КТБ;
ТЭЦтин маңдайындагы "Глобус" соода борборундагы КТБ.
Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамын белгилөө. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Нооруз майрамында Бишкекте кандай иш-чаралар болот? Программа
Жаңылыктар түрмөгү
0