266 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Министрлик себебин айтты

© Sputnik / Азамат ТотубаевТуулгандыгы тууралуу күбөлүгү. Архив
Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Жазылуу
Министрлик ата-энелерди жоопкерчиликтүү болууга чакырып, аймактык бөлүмдөр балага документ алууга жардам бере турганын эскертти.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. 2024-жылдын башына карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө 266 бала туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок деп каттоого алынган. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2023-жылдын башында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 445 адамды түзгөн. Быйыл бул сан 40,2 пайызга азайган.
Балдардын документтеринин жок жүрүшүнүн негизги себептери:
ата-энесинин өздүгүн тастыктоочу документтеринин жоктугу;
балдардын үй шартында төрөлүшү;
ата-энелердин туруктуу каттоосунун жоктугу.
Министрлик ата-энелерди жоопкерчиликтүү болууга чакырып, аймактык бөлүмдөр балага документ алууга жардам бере турганын эскертти.
Чоң ата жана чоң апасы менен тамактанып жаткан кыздар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Кыргызстанда "чоң үй-бүлө" түшүнүгү пайда болушу мүмкүн. Ага кимдер кирет?
Жаңылыктар түрмөгү
0