Кыргызстанда "чоң үй-бүлө" түшүнүгү пайда болушу мүмкүн. Ага кимдер кирет?

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЧоң ата жана чоң апасы менен тамактанып жаткан кыздар. Архив
Чоң ата жана чоң апасы менен тамактанып жаткан кыздар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жаңы Үй-бүлө кодексине "чоң үй-бүлө" деген түшүнүк киргизүү сунушталууда. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиев "ЭлТР" телеканалындагы маегинде билдирди.
Анын айтымында, мындай үй-бүлө баланын ата-энеси жана анын бир туугандары, чоң ата, чоң энеси, таята, таенесинен куралат.
"Мында баланы ата-энеси бакпаса, анын бир туугандары карайт деген милдетти көрсөтүп жатабыз. Мисалы, көпчүлүк балдардын ата-энеси миграцияда жүрөт. Калтырган баласына өзү келгенче бир туугандары жооптуу болот", — деди Тодогелдиев.
Белгилей кестек, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилиги Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгып, учурда коомдук талкууда турат.
Үйлөнүү тойдо ак көйңок кийген кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2024
Кыргызстандык кыз-келиндер канча жашында турмуш курат? Статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0