Бишкектин чок ортосуна 10дон ашык боз үй тигилди. Видео

Жазылуу
21-мартта кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилешет. Борбор калаада даярдыктар башталды.
"Ала-Тоо" аянтына 10дон ашык чоң боз үй тигилди. Концерттен тышкары театрлаштырылган оюн-зоок, улуттук оюндар болот. Аянттын эки тарабында этношаарчага кире турган дарбазалар бар.
Кыргызстанда Нооруз жаз майрамы катары гана эсептелбестен, жаңы жылдын башталышын да билдирет. Майрам музыкасыз, тамак-ашсыз өтпөйт, анын негизгиси — сүмөлөк. Ал өнүп чыккан буудай данынан түнү бою бышырылат.
Майрам 20дан ашык өлкөдө белгиленет.
Жаңылыктар түрмөгү
0