Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШда Зеленский Украинадан качан качышы мүмкүндүгүн айтышты

© AP Photo / Evgeniy MaloletkaУкраинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Жазылуу
Мурдагы аскер жетекчисинин айтымында, Украинада коррупциялык пирамида түзүлгөн жана АКШдан агылып кирип жаткан акчаларды Киев аткаминерлери өз ара бөлүп алууда.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Украина бийлигинин коррупцияга баткан системасы Америкадан акча келбей калса күзүндө кыйрашы мүмкүн. Бул туурасында АКШнын Деңиз аскерлери корпусунун отставкадагы капитаны Мэтью Хонун айтканын РИА Новости анын америкалык ресурстардын бирине берген маегине таянып жазды.

"Эгерде Конгресс акча боюнча маселени чечпесе, Украинада банк банкрот болгон сымал дүрбөлөң башталат", — деген офицер.

Мурдагы аскер жетекчиси Украинада коррупциялык пирамида түзүлгөнүн, Киев аткаминерлери АКШдан агылып кирип жаткан акчаларды өз ара бөлүп алып жаткандыктарын белгилеген.
Анын айтымында, акчанын келбей калышы мындай системаны оңдурбайт.
"Эгерде каражат төмөн жакка кетпей калса (Киев аткаминелеринен – ред.) эл дүрбөлөңгө түшөт. Ошондо Зеленскийдин Майамидеги вилласына кантип качканын көрөсүңөр. Буга окшогон нерсе Эмгек күнүнө жакын болушу мүмкүн", — деп эскерткен Хо.
АКШнын Конгресси Өкүлдөр палатасындагы артыкчылык кылган республикачылардын кежеңдегенинен улам Ак үйдүн Украинага жардам катары сураган 60 миллиард долларды бере албай жатат. Буга чейин бөлүнгөн акча өткөн жылдын декабрында түгөнгөн, Украинага берилет деп айтылган аскердик жардам пакетинин бөлүгү да жогоруда сөз болгон келишимдин алкагында берилмек.
Эске салсак, АКШ Украинага берилген жардамдын колдонулушу боюнча көзөмөл кылган жооптуу тарапты дайындашы керектигин сөз кылды деп Блумберг жазган.
Украинанын экономикалык коопсуздугу боюнча бюро июлдун башында Батыштан келген гуманитардык жардам жана аскердик продукцияларды саткан учурлар аныкталгандыгын мойнуна алган. Бул жаатта онго чукул кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк америкалык конгрессчи Виктория Спартц Украинага кетип жаткан жардамды көзөмөл кылган механизм түзүү зарылдыгын айткан.
Украинанын Коргоо министрлигинин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Кетиш керек". Украиналык эксперт согуштун соңу тууралуу айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0