Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жаӊы Салык кодекси кабыл алынды. Кимдердин салыгы азаят?

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик салык кызматынын Методология башкармалыгынын башчысы Өзөрбек Молдобаев
Мамлекеттик салык кызматынын Методология башкармалыгынын башчысы Өзөрбек Молдобаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын методология башкармалыгынын башчысы Өзөрбек Молдобаев жаӊы Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу айтып берди.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 2-февралындагы №31 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Өзөрбек Молдобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жаӊы Салык кодекси кабыл алынды. Кимдердин салыгы азаят?
Анын айтымында, туризм тармагын колдоо максатында мейманканалардын мүлк салыгын эсептөөнүн функционалдык коэффициенти 1,6дан 0,8ге чейин төмөндөтүлдү.

"Ишкердик чөйрө үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана колдоо максатында Салык кодексине бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Айыл чарба секторун, туризмди, курулуш тармагын, эл аралык транспортту өнүктүрүүнү колдоо максатында бир катар олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди. Алсак, жаңыдан кабыл алынган нормаларга ылайык, айыл чарба өндүрүүчүлөрү 0,5 пайыз, сүт өндүрүүчүлөр 0,25 пайыздык ченде салык төлөшөт. Майлоочу жана башка майларды сатуу үчүн 0,5 жана 1 пайыз салык каралган. Турак жай жана имараттарды куруу тармагында, атайын курулуш иштерин жүргүзүүчү субъект 6 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт. Туризм тармагын колдоо максатында мейманканалардын мүлк салыгын эсептөөнүн функционалдык коэффициенти 1,6 пайыздан 0,8 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Мыйзам ошондой эле башкаруунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө жана карама-каршылыктарды четтетүүгө багытталган бир катар башка ченемдерди карайт. Мындан тышкары, ишкердик чөйрө үчүн салыктык эсепке алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында Салык кодексинин 178, 236 жана 418-беренелерине айрым учурларда электрондук эсеп-фактураны алмаштыруучу документтерди тариздөөгө мүмкүндүк берүүчү өзгөртүүлөр кирди. Бул түзөтүүлөр 2024-жылдын 3-апрелинде күчүнө кирет", — деди Молдобаев.

Ал 2024-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотуларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0