00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Где сдать анализы и зачем нужна прививка: гид по туберкулёзу к 24 марта
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
КРда ажырашуулардын рекорддук көрсөткүчү: никенин бузулушу экономиканы кандай кыйынчылыкка кептейт?
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
+24% дел о насилии в КР: почему женщины перестали терпеть и начали заявлять
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Жусуп Баласагын Х кылымда эле азыркы илимий көрүнүштөрдү айтып койгон философ
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Энергетическая ловушка: почему дешевый свет обходится Кыргызстану слишком дорого
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
21:08
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Боевая работа РСЗО Град группировки войск Центр на Красноармейском направлении СВО - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Кыялданышкан". Путин немец офицерлеринин Крым көпүрөсүнө койчу чабуулу тууралуу

© Sputnik / Сергей Савостьянов / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Жазылуу
Бундесвердин жогорку кызматтагы төрт аскер адамы "Крым көпүрөсүн кантип бомбалай турганын" талкуулаган.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Немец офицерлеринин Крым көпүрөсүнө коюлчу чабуулду талкуулаганы Россияны коркутуу үчүн жасалган, бул кыялдануудан ары ашпай турган нерсе. Мындай пикирин Владимир Путин журналист Дмитрий Киселевго берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.
"Биринчиден, кыялданып, фантазиясын өрчүтүп, өздөрүн-өздөрү сооротуп отурушат. Экинчиден, бизди коркуткусу бар. Ал эми Германияга келсек, буларда конституциялык мүнөздөгү көйгөй турат. Эгерде Taurus Крым көпүрөсүнүн (алардын түшүнүгүндө россиялык аймак деп эсептелген) бөлүгүнө түшсө, мындай нерсе Германия Федеративдүү Республикасынын Баш мыйзамын бузган болуп эсептелет деп туура айтып жатышат", — деди Путин.
Россия лидеринин баасында, Германиянын оппозициялык күчтөрү азыр агрессиялык мүнөздө турат.
"Алардын кандай макулдашууга келерин көрөбүз да, азыр буга дыкаттык менен байкоо салып турабыз", — деген ал.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын март айынын башында "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян колуна Бундесвердин жогорку кызматтагы офицерлеринин "Крым көпүрөсүн кантип бомбалай турганын" талкуулаган сөзүнүн аудиожазуусу түшкөнүн билдирген. Анын айтымында, аудиодо германиялык офицерлер АКШ менен Улуу Британиянын аскерий адамдарынын атын атап, "булар жаңжалга көптөн бери катышып жатканын" талкуулашкан. Ошол күнү Симоньян сүйлөшүүнүн текстин, андан соң аудиожазуунун өзүн жарыялаган. Уга келгенде Бундесвердин жогорку кызматтагы төрт кишисинин сүйлөшкөнүн байкоого болот. Арасында Аскер-аба күчтөрүнүн операциялар жана машыгуулар бөлүмүнүн жетекчиси да болгон, талкууга катышкандар Украинага Taurus ракеталарын жөнөтүүнү жана украиналыктардын Крым көпүрөсүнө сокку урарын кеп кылышкан. Мындан тышкары, аталган ракеталарды жеткирүү жолдорун, украиналык аскерлерди Крым көпүрөсүнө "кызыл чийинден" өтпөгүдөй кылып сокку жасоого үйрөтүүнү, ошондой эле жаңжалга түз катышпай четке чыга берүүнүн ыкмаларын талкуулаганын угууга болот.
Сүйлөшүүлөр ачыкталганга чейин Франция президенти Эммануэль Макрон Евробиримдик Укаринага орто жана алыска атылуучу ракеталарын жөнөтүү үчүн "тогузунчу коалиция" түзүлгөнүн билдирген эле. Ал, мындан тышкары, Франция Россиянын "бул согушта жеңүүсүнө жол бербөө үчүн" болгон аракетин көрө турганын билдирген. Өлкө башчынын айтымында, Батыш мамлекеттеринин лидерлери Украинага аскер жөнөтүүнү талкуулап, бирок азырынча бир пикирге келише элек. Макрондун билдирүүсүнөн кийин дароо эле Германиянын канцлери Олаф Шольц менен коргоо министи Борис Писториус Германия Украинага аскер жөнөтпөй турганын, НАТО мамлекеттеринин дегеле андай ою жок экенин белгилешкен. Мындан тышкары, канцлер Украинага Taurus ракеталарын жөнөтүү да пландалбаганын кошумчалаган.
Германиянын коргоо министри Борис Писториус аудиожазуунун чын экенин тастыктап, анын элге тарап кетиши аудиоконференциянын катышуучуларынын биринин корголбогон система менен чыгып алганын билдирген. Ал ошондой эле Россия активдүү талкууланган темаларды аныктап, Германияда "күн тартибин бир нече жума, ал тургай айларга түзүп берип жатканын" айткан.
Германия канцлери Олаф Шольц сүйлөшүүнүн жарыяланып кетиши боюнча тыкыр иликтөө жүрүп жатканын билдирген.
НАТОнун аскердик машыгууларында катышып жаткан Польшалык аскерлер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Путин Польша Украинага аскер алып кирсе кайра чыкпастыгын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0