Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленский: Украинага Франциянын аскерлеринин кереги жок

© AFP / GENYA SAVILOVУкраинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Жазылуу
Февралдын соңунда Франция президенти Батыштын лидерлери Киевге аскер жөнөтүүнү талкуулап, бирок бир чечимге келе электигин айткан.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Украинага Франциянын аскердик күчтөрүнүн кереги жок. Мындай билдирүүнү Владимир Зеленский BFMTV телеканалына интервью берип жатканда айтканын РИА Новости жазды.
"Украина азырынча чыдап кармашып жатат, Франциянын армиясы өзүнүн аймагында кала берсе болот. Силердин балдарыңар Украинада каза таппайт", — деген Зеленский.
Ал француз жоокерлери Россия НАТОнун өлкөлөрү менен жаңжалдаша турган болсо гана согушка кириши мүмкүндүгүн кошумчалаган.
Зеленский Украинанын альянска мүчө эместигин эске салып, бирок жоокерлерин үйрөтүп берсе алардын келишине (аскерлердин, техникалык кызматкерлердин) каршы эместигин айтты. Мындан сырткары, курал чыгаруучу жана оңдоочу жабдууларды да кабыл аларын кошумчалаган. Ал Киевге снаряддар жетишпей, учуучу техникалардан жабыр тартып жатканын айткан. Мындан сырткары, Киев бийлигинин башчысы коргонуу боюнча үч линияны (ар биринин узундугу 1000 чакырым) түзүп жатканын жар салган.
26-февралда Парижде француз лидеринин демилгеси менен Киевге колдоо көрсөтүү боюнча өткөн конференцияга Германия, Улуу Британия, Польша, Дания, Нидерланддар баш болгон өлкөлөрдүн лидерлери катышкан. Евробиримдик Украинага орто жана алыска атылуучу ракеталарын жөнөтүү үчүн "тогузунчу коалиция" түзүлгөнүн билдирген. Макрон Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери аскер жөнөтүүнү талкуулап, бирок бир пикирге келе электигин айткан эле.
Франция президенти Эммануэль Макрон Россиянын "бул согушта жеңилиши үчүн" Париж колдон келген аракетин жасай турганын белгилеген. Анын билдирүүсүнөн кийин дароо эле Германиянын канцлери Олаф Шольц менен коргоо министи Борис Писториус Германия Украинага аскер жөнөтпөй турганын, НАТО мамлекеттеринин дегеле андай ою жок экенин айтышкан. Ошондой эле канцлер Украинага Taurus ракеталарын жөнөтүү да пландалбаганын кошумчалаган. Андан сырткары, анын өлкөсүндөгү бир топ ири партиялардын өкүлдөрү да бул мааниси жок кадам болуп калганын белгилешкен.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2024
"Эл каршы чыкты". Саясатчы Макрондун Киевге аскер жөнөтүү демилгеси жөнүндө
Жаңылыктар түрмөгү
0