Бишкекте Гагаринге арналган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Видео

Жазылуу
Кыргыз-Россия Славян университетинде СССРдин легендарлуу учкуч-космонавты Юрий Гагаринге арналган сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Бул жерде туңгуч космонавттын өмүрүн, ишмердүүлүгүн чагылдырган ирмемдерди көрүүгө болот.
9-мартта Юрий Гагарин 90 жашка чыкмак. Ал 1934-жылы Гжатск районундагы Клушино айылында туулган. Гагарин "Восток" космос кемеси менен 1961-жылдын 12-апрелинде Байкоңурдан учуп, Жер планетасын толук айланып чыккан. Ал ааламда 108 мүнөт жүрүп, "Восток" кемеси космостон аман-эсен Саратов облусуна конгон. Гагарин — адамзаттын тарыхында космос мейкиндигине көтөрүлгөн биринчи адам. Ар кыл чакыруулар менен ал дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда да болгон.
Тема боюнча:
СССРде космонавттарды кантип тандашкан жана алар кимдер. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0