Кыргызстандык кыз-келиндер канча жашында турмуш курат? Статистика

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүҮйлөнүү тойдо ак көйңок кийген кыз. Архив
Үйлөнүү тойдо ак көйңок кийген кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2024
Жазылуу
Статистика боюнча, биринчи никеге турган айымдар 24 жашта, экинчи никеге тургандардын курагы орточо 35 жашты түзөт.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык аялдар 20-29 жашында үй-бүлө курууга басым жасайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Орточо эсеп менен никеге турган ар бир экинчи аял 20-24 жашта, ар бир төртүнчү аял 17-19 жашта жана ар бир алтынчы аял 25-29 жашта болгон.
Статистика боюнча, биринчи никеге турган айымдар 24 жашта, экинчи никеге тургандардын курагы орточо 35 жашты түзөт.
Мындан тышкары, Кыргызстанда аялдар биринчи баласын 23-24 курагында төрөп, жашоосунда орто эсеп менен үч балалуу болот.
2024-жылдын башына карата өлкөдөгү калктын саны 7,2 миллион адамды түзсө, алардын 50 пайыздан ашыгы аялдар экени да белгилүү.
Үйлөнүү тойдогу жаш жубайлар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Кыргызстандык эркектер канча жашында үйлөнөт? Статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0