13-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл КаллиниковЖамгыр учурунда кол чатыр кармап бара жаткан кыз . Архив
Жамгыр учурунда кол чатыр кармап бара жаткан кыз . Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Жазылуу
13-мартка караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көлдө -1...+4, Талас өрөөнүндө -3...+2, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Нарында -4...+1 градус болору айтылды.
Түнкүсүн Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Күндүн табы борбор калаада +2...+4, Ошто +5...+7 градуска жетет.
Сулайман-Тоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2024
Жаан-чачындуу болот. Кыргызстан боюнча 16-мартка чейинки аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0