Дыйкандар топуракты асылдандырып мол түшүм алууну билбей жатат. Маек

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТалааларга жер семирткичтерди чачуу менен айдоо иштери. Архив
Талааларга жер семирткичтерди чачуу менен айдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2024
Жазылуу
Сапаттуу үрөн алуу үчүн топурак кыртышын жакшыртып, жер семирткичтер менен иштөөнү билүү керек. Адистер дыйкандардын сабатсыздыгынан улам түшүмдүүлүк абдан түшүп кеткенин айтууда.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Республикалык топурак, агрохимиялык станциянын директору Кутман Исаев жана "Бай дыйкан" компаниясынын директорунун орун басары Илич Марсбек уулу болду. Биз топурак таануу, жер семирткичтер менен камсыздоо жаатында кеп курдук.
— Топурак жаатында абалыбыз кандай?
Кутман Исаев: — Айыл чарбасында өсүмдүк өстүрүүдө бардык иш маанилүү. Жерди убагында айдап, убагында сээп, үрөн жогорку сортто болушу керек. Сугарып, ар кандай илдеттер менен күрөшүү зарыл. Аягында түшүмдү чогултуп, кырманга төгүп алабыз. Топурактын асылдуулугу абдан чоң мааниге ээ. Күзүндө фосфор жана калий жер семирткичтерин чачып койсо пайдалуу. 2021-жылы республика боюнча 38-39 миң гектар жерге Топурак агрохимиялык станциясы изилдөө жүргүзүп келген. Жалпы республика боюнча жердин 34 пайызында гумустун камтылышы ортодон төмөн деңгээлде экен. Муну эми жетишсиз деп айтууга болот. Андан тышкары, 50 пайызы орточо камтылган, калган 17-18 пайызы жогорку деңгээлде экен. Гумус — бул топурактын асылдуулугунун эң биринчи көрсөткүчү. Гумустун камтылышы канчалык жогору болсо, түшүм да ошончолук мол болот.
— Сиздердин компания республикада таанымал болуп калды. Жер семирткичтерди ташып келип, рынокто ири компанияга айланды. Жерди асылдандырууда кандай иштер жасалууда?
Илич Марсбек уулу: — "Бай дыйкан" компаниясы 15 жылдан бери өлкөбүзгө өндүрүшчүлөрдөн жер семирткичтерди дыйкандарга түз алып келип жүрөт. Бул рынокту абдан жакшы билебиз. Дыйкандар бизге "кошунам жерине селитра чачыптыр, карбамид жакшы экенин уктум" деп эле келе беришет. Күзүндө болсо "жер семирткечтерден деле пайда жок экен, сепсек деле түшүм жакшы болбой калды" дегендер да бар. Мунун баары сабатсыздыктан келип чыккан маселе. Топурак анализин чыгаруучу лабораторияларды да куруп жатабыз. Бүгүн баарын камтый албагандыктан Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке кайрылып, "чогуу бир долбоор алып баралы, силер баасын бир аз төмөндөткүлө, биз логистиканы, дыйкандарга маалымат берүүнү, алардан топурак алып силердин лабораторияга алып келүү маселелерин колго алалы" деп кеңештик. Антпесе дыйкандар жерге макроэлементтерди (азот, фосфор, калий) туура бере албай жатышат. Азот жетпеген жерге калий беришет же тескерисинче. Акимдерге, айыл өкмөт башчыларына кайрылып жатабыз. Аларга да пайдалуу. Өздөрүнүн айылынын топурак картасын чыгарып алууга болот. Союз учурундагы эле жерибиз турат, бирок түшүмдүүлүк абдан төмөндөп кетти. Дыйкандын аракети акталбай калууда.
© Sputnik / Асылбек Бактыбеков"Бай дыйкан" компаниясынын директорунун орун басары Илич Марсбек уулу
Директор компании Бай дыйкан Илич Марсбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2024
"Бай дыйкан" компаниясынын директорунун орун басары Илич Марсбек уулу
— Агрохимия станциясынын ишине токтолсоңуз?
К.И.: — Биздин станция 1968-жылдан бери иштеп келет. Эки багытта иш алып барат. Биринчиси — топурак изилдөө жумуштары, экинчиси — анын асылдуулугун аныктоо, кадастрдык баа берүү. Мисалы, бир аймактын жалпы айдоо жеринин топурагын изилдеп, жылына канча кылкандуу эгин алууга болорун аныктоо зарыл. Экинчиден, дыйкандар менен түздөн-түз иштейбиз. Топурак азыктарынын анализи боюнча жер семирткич колдонгондо пландагыдай коопсуз түшүм алууга болот. Бүгүн үлгү катары айтсам, Москва районундагы "Заветы Ильича" дыйкан чарбасы да 2-3 жылдан бери анализге топурак алып келип баштады. Себебин сурасам, "мурда билбей эле селитра себе бериптирбиз, эми жерге эмне азык жетпей жатканын аныктап, жакшы түшүм алуудабыз" деди. Топурак лабораториясы былтыр Талас, анан Жалал-Абад шаарында ачылган. Эң негизгиси, дыйкандарга керектүү анализди убагында жана так жасап бергенге аракет кылабыз. Жылына бир жолу профилактика жумуштарын жүргүзөбүз. Ар бир шайманыбыз "Кыргызстандарттан" сертификат алып турат. Москвада Василий Докучаев атындагы институттан топурак сатып алып, аны менен шаймандарыбызды текшеребиз.
— Жер семирткичтерди туура колдонбогондуктан өлкө аймагында шор баскан жерлер көбөйүп кетти?
И.М.у. — Муну диагнозду билбей эле дары иче берген сыяктуу кабыл алса болот. Топуракка эмне жетишпей жатканын билбей эле дары себе берсе күткөндөй түшүм ала албайбыз. Экинчиден, нормадан көп бергенде топурактын структурасына да зыян келет. Ошол сыңары эле жерге үстөккө-босток азот бере бергенде шордуулук көбөйүп, кычкылданат. Жер семирткич менен азыктандырбай эле түшүм алууну каалагандар бар. Жасалма жер семирткичтер пайда болду. Жакында эле Нарынга Казакстандан амафос алып келинип, лабораториядан текшерсе 8 пайыз гана фосфор чыгыптыр. Негизи 46 пайыз болушу керек. Ошондо 3,5 эсеге аз чыгып жатат. Мунун түбүн изилдеп көрсөк, заводдон чыккан калдыктарды жакшынакай мүшөктөргө салып, бизге сатып жатышкан экен. Калдыктарды Россиянын өндүрүшүнө таандык ар кандай каптарга салып, дыйкандарды алдап саткандар пайда болду. Бир кап алганда да заводдун сертификатын талап кылуу керек. Бүгүнкү күнү бул абдан актуалдуу. Ошону менен катар ишеничтүүлөрдөн гана алуу зарыл. Жасалма жер семирткичтердин кесепетин күзүндө көрөбүз. Ал кезде баары кеч болуп калат.
К.И.: — Бир миллион 200 миң гектар айдоо жерибиз бар. Ошонун ичинен 147 миң гектар тузга дуушар болуп, 99 миң гектарды шор баскан. Жердин туздуулугу төмөнкү деңгээлде болсо түшүмдүүлүк 15тен 30 пайызга чейин төмөн болот. Ал эми орто деңгээлде туз басса 30дан 60 пайызга чейин, жогорку деңгээлде туз баскан жерден 80 пайыз түшүм алынбай калат.
— Экономикалык маселени эске алганда көп жаштар агрардык билим албай жатканы анык. Негизинен кадр маселеси кандай?
К.И.: — Кадрлар бар. Адистер келип, 3-4 жыл аябай жакшы үйрөнүп туруп коммерциялык структураларга кетип калышууда. Бирок жаштар башка тармактарга кетет.
© Sputnik / Асылбек БактыбековЖер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Республикалык топурак, агрохимиялык станциянын директору Кутман Исаев
Директор Республиканской почвенной агрохимической станции Минсельхоза Кутман Исаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2024
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Республикалык топурак, агрохимиялык станциянын директору Кутман Исаев
— Жерди кантип туура асылдандыруу керек. Ушул боюнча айтсаңыз?
К.И.: — Негизи анализ жүргүзгөндө топурактын үлгүлөрүн туура алуу керек. Конверттик үлгүдө жер аянтынын төрт бурчунан жана ортосунан 25 сантиметр тереңдиктен топурак алуу зарыл. Анын баарын чакада аралаштырып, акыры 1-1,5 килограмм топуракты пакетке салып айыл өкмөттүн, дыйкандын аты-жөнүн жазуу зарыл. Топурактын нормасы, стандарты жылына ар башка болот. Республика боюнча 90 пайыз фосфор жетишсиз. Фосфор түшүмдү жакшы кылат. Ошол эле калий өсүмдүктөрдүн ар кандай климаттык шарттарга, ооруларга, зыянкечтерге болгон туруктуулугун жогорулатат. Кургакчылыкта нымды кармап, суукка туруштук берет. Былтыр 4000 дыйкан кайрылып, ошончо сунуш жазып бердик.
И.М.у. — Топуракта фосфор жок болсо өсүмдүктүн тамыры алсыз болот. Ошондуктан ал топурактагы башка элементтерди өсүмдүккө алып бере албай калат. Алдында тамак турса да жей албаган тиши жок кишидей болот. Азыр дыйкандардын бир пайызы гана топурагынын анализин чыгарып алып, канча фосфор, канча калий берүү керектигин аныктап, дыйканчылык иштерди туура жүргүзүүдө. Калган 99 пайызы жеринин абалын билбейт. Бизге да кадр табуу кыйын болууда.
К.И.: Заводдор менен түздөн-түз сүйлөшүп, эмитен аракет кылуу керек. Биздин дыйкандар дагы эле май айын күтүп жатат. Убагы келгенде жер семирткич да кымбаттайт. Жер семирткичтерди да бир күн калганда эмес, туура убакта, көлөмүнөн ашырбай колдонуу кажет. Анткени ашыкчасы уу болуп кетет. Ар бир өсүмдүктүн өзүнүн нормасы болот.
И.М.у.: — Кандай гана болбосун, топурактын анализи менен гана өз нормасында азык берүүгө болот. Айыл өкмөттөр бул жаатта иштеши керек. Өзүнө тийиштүү аймактын топурак картасын чыгарып алып, жыйындарда айтып, уюштуруу иштерин жасаса болот эле.
К.И.: — Союз убагында чарбаларда 4-5 жыл сайын агрохимиялык изилдөө милдеттүү түрдө жүрүп турчу. Ошого жараша республикадан жер семирткичтерге квота берилип, ошого жараша пландаштырылган түшүм алышчу. Агрохимиялык паспорт мыйзамын киргизип алсак, дыйкандар жерлерине үч же беш жыл сайын, кайрак айдоо жерлерге 7 жыл сайын изилдөө жүргүзүп турууга милдеттүү болот.
— Каражатка да барып такалат эмеспи. Анализдердин баалары кандай?
К.И.: — Быйылкы арзандатуулардан кийин гумустун баасы 127 сом, кыймылдуу фосфор менен кыймылдуу калийдики 148 сом, ал эми топурак чөйрөсүн тастыктоо 25 сом болот. Ал да маанилүү роль ойнойт. Топурак чөйрөсүнүн көрсөткүчү канчалык жогору болсо ошол жерлер тузга же шорго чалдыккан деп айтабыз. Биздин жерлердин топурак чөйрөсү негизинен нейтралдуу же шакарлуу болот. Нейтралдуу болсо өсүмдүктөр да жакшы өсөт. Мындан тышкары, жер семирткичтерди пайдалануу боюнча сунуштардын баасы 177 сом. Жалпы салыктарды кошкондо февраль, март, апрель айларыныкы 650 сомду түзөт. Мурда 1 250 сом болчу. Жеткирүү жагын "Бай дыйкан" фирмасы жасап берет.
Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Жер семирткич ташый берип чарчадык. Дыйкан үчүн пайдалуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0