10-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМарттагы аба ырайы
Марттагы аба ырайы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Жазылуу
10-мартта тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жекшембиде өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +7…+12, Талас, Ысык-Көл облустарында +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Нарын чөлкөмүндө +1…+6 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +9…+11, Ош шаарында +14…+16 градуска чыгат.
Лампочка. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Министрлик электр кубатын маал-маалы менен өчүрүү токтогонун билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0