Дүйнө кыдырып, залкары, ажосу, чемпиону кийген ак калпак. Көз кубанткан сүрөттөр
Дүйнө кыдырып, залкары, ажосу, чемпиону кийген ак калпак. Көз кубанткан сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Ак калпак күнүнө карата Sputnik агенттиги кызыктуу сүрөт түрмөк даярдады. Мында дүйнөлүк атактуулардын, кыргыздын бычакка сап уулдарынын салттуу баш кийим... 05.03.2024, Sputnik Кыргызстан
Президент белгилегендей, ак калпак кыргыздар үчүн мыкты табылга, ата-бабадан калган тарыхый мурас, кийинки муундар үчүн мааниси зор таберик. Ошондой эле сыйлуу, барктуу баш кийим.Sputnik Кыргызстан агенттиги калпак тууралуу атайын инфографика даярдап, салттуу баш кийим боюнча кызыктуу лонгрид да жасаган. Тема боюнча:
Ак калпак күнүнө карата Sputnik агенттиги кызыктуу сүрөт түрмөк даярдады. Мында дүйнөлүк атактуулардын, кыргыздын бычакка сап уулдарынын салттуу баш кийим менен түшкөн сүрөттөрүн көрө аласыздар.
Президент белгилегендей, ак калпак кыргыздар үчүн мыкты табылга, ата-бабадан калган тарыхый мурас, кийинки муундар үчүн мааниси зор таберик. Ошондой эле сыйлуу, барктуу баш кийим.
"Манас" китебин белекке алып, ак калпак кийген Тибеттин руханий лидери Далай-лама. Сүрөт коомдук ишмер Аскар Айтматов Далай-лама менен Индиянын Дарамсала шаарындагы резиденциясында 2016-жылдын 5-декабрындагы жолугушуусунда тартылган
Ак калпак менен Мюнхенди аралаган атактуу балетмейстер Чолпонбек Базарбаев. Анын белгилүү советтик актер Савелий Крамаров менен сүрөтү 1972-жылы Мюнхен шаарында тартылган
Голливуддун актеру жана каскадер Жеки Чандын көркүн ачкан ак калпак. Актер кыргыздардын бир кезде гунндар менен согушканын билип, "Ажыдаар кылычы" деп аталган тарыхый тасмасында кыргыз актерунан кыргызча кыйкыруусун өтүнгөн
БУУнун мурунку жетекчиси Кофи Аннан Кыргызстанга расмий сапар менен 2002-жылы келген. Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев кыргыздардын меймандостугун көрсөтүүдө
Кытайлык кыргыз Мамбеттокто Керимаалы уулу Кытайдын ММА боюнча чемпионатында алтын курду багындырган. Муну менен кытайлык кыргыздарды эле эмес, жалпы кыргыз элин кубанычка бөлөгөн
Бул кыргыз тилинде роликтерди тарткан блогер Анатолий Разгоняев. УКМК төрагасы анын эне тилге кошуп жаткан салымына ыраазычылык билдирип, ак калпак кийгизип, камчы белек кылган