Эмгек, социалдык камсыздоо министри менен кантип жолугууга болот? Телефону

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКабылдамада телефонго жооп берип жаткан кызматкер. Архив
Кабылдамада телефонго жооп берип жаткан кызматкер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ведомствонун жетекчиси Гүлнара Баатырова менен кантип жолугууга мүмкүн экенин түшүндүрдү.
Билдирмеге караганда, министр элди ар жума күнү саат 09:00дөн 11:00гө чейин кабыл алат. Эгер министрге же анын орун басарына жолугуп сүйлөшүү керек болсо, коомдук кабылдаманын 0 (312) 66-01-07 телефонуна билдирүү калтырып коюу сунушталды.
Министрлик Гүлнара Баатырова кошулган WhatsApp топтор түзүлгөнүн айтып, ал жакта орун басарлары, түзүмдүк-ведомстволук бөлүм, республика боюнча аймактык башкармалыктардын жетекчилери келип түшкөн суроолорго өз убагында жооп берерин кошумчалады.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Радио
Министрлик: майыптар үчүн бөлүнгөн 1 429 иш орундун 106сы гана колдонулду
Жаңылыктар түрмөгү
0