00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Министрлик: майыптар үчүн бөлүнгөн 1 429 иш орундун 106сы гана колдонулду

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова майыптарды ишке орноштуруу боюнча жасалган иштер тууралуу айтып берди.
Былтыр майыптар үчүн жумуш орундарына 1 429 квота бөлүнүп, анын 106сына гана колдонулганын Наргиза Туркебекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Министрлик: майыптар үчүн бөлүнгөн 1 429 иш орундун 106сы гана колдонулду
Анын айтымында, бул майыптар үчүн иш берүүчүлөр маянасы аз иш орундарын сунуштаганы менен байланыштуу.
"Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды иш менен камсыз кылуу көйгөйлүү маселелерди бири болуп эсептелет. Майыптарды эмгек рыногуна интеграциялоо боюнча көптөгөн мыйзамдар бар. Эмгек кодексинин 314, 315-беренелерине ылайык, эмгек жамааты 20 адамдан ашса беш пайызын майыптарга квота катары бөлүп бериши шарт. Тилекке каршы, бул норма толук кандуу сакталбай келе жатат. Мисалы, 2023-жылы республика боюнча 1 429 квота бекитилсе, анын 106сы гана колдонулду. Анткени иш берүүчүлөр адатта квалификацияны талап кылбаган орундарды сунуштайт, алардын айлыгы жакшы эмес. Мындан тышкары, иштөөгө ылайыктуу шарттардын, ошол эле пандустардын, майыптарга ылайыктуу отура турган столунун жоктугу дагы тоскоол жаратат. Мындан тышкары, коомдук транспорт менен жумушка барып келүү шартынын татаалдыгы дагы өз кедергисин тийгизбей койбойт. Ошондой эле майыптардын квалификациясы жок болуп калууда. Ошентсе дагы квотадан тышкаркы кесиптерге талдоо жүргүзүлүп, ишке орноштуруу аракеттери көрүлөт. Натыйжада былтыр 292 жаран ишке орноштурулган. Мындан тышкары, көптөрүнүн кесиби, айрым учурда орто билими да жок болуп калат. Ошондуктан министрлик кыска мөөнөттүү курстарды сунуштап, былтыр 189 жаран окутулуп, алардын 62 пайызы иш менен камсыздалды", — деди Туркебекова.
Ошондой эле ал аралыктан ишке орноштуруу максатында майыптар үчүн онлайн-курстар уюштурулуп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0