00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Түркия ТИМи: Израилдин Газадагы мыкаачылыгы дүйнөлүк көйгөйгө айланып баратат

© AP Photo / Mahmoud EssaПалестиналыктар Газа тилкесинде гуманитардык жардам күтүүдө
Палестиналыктар Газа тилкесинде гуманитардык жардам күтүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
Израиль Газанын батыш тарабындагы Ар-Рашид көчөсүндө ачка калып гуманитардык жардам алуу үчүн чогулган газалыктарды бомбалаган. Соңку маалыматтарга караганда, 112 киши өлүп, 760 киши жаракат алган.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Түркия ТИМи Израиль адамзатка карата жаңы кылмыш жасап, Газада азык-түлүк алууга чогулган элди аткылап, мунун кесепетинен кишилер өлгөнүнө нааразылыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Палестиналык ЖМКлар 29-февралда Израиль Газанын батыш тарабындагы Ар-Рашид көчөсүндө ачка калган, келген гуманитардык жардамды алуу үчүн чогулган элди бомбалаганын жазды. Анклавдын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, кеминде 112 киши өлүп, 760 киши жаракат алган.
Израиль армиясы Газанын жашоочулары кишилер гуманитардык жардам жүктөлгөн автоунаага жабыла чуркап, жөөлөшүп, ошондон улам жарадар болду дешкен. Андан көп өтпөй армия Газанын ондогон тургуну жөөлөшүп, дөңгөлөк алдында калып өлдү деген маалыматты таратышкан.
"Израиль адамзатка карата жаңы кылмыш жасап, палестиналыктарды Набулси аянтында өлтүрдү. Израиль ачка калтырууну Газадагы согушта курал катары пайдаланып, эми жашоо үчүн маанилүү жардамды алууга келген күнөөсүз жарандарга чабуул койгону Палестина элин кырып, жок кылуу максатынан кабар берет", — деп айтылат Түркия ТИМинин билдирүүсүндө.
Министрликтен Тель-Авив Газадагы согуштук операцияны тез арада токтотушу керектигин, бирок Израиль өкмөтүнүн "уяты да, абийири да жоктугун", тиешелүү чечимди кабыл албай жатканын айтышкан.
Израилдин Газадагы мыкаачылыгы дүйнөлүк көйгөйгө айланып, кесепети аймактан тышкаркы жерлерде да сезилерин белгилеген.
"Андыктан Израиль өкмөтүнө таасир бере ала турган тараптарды Газадагы зомбулукту, кан төгүүнү токтоттурууга чакырабыз", — деп айтылган билдирүүдө.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Газадагы ​​атышууну токтотууну талап кылган резолюцияга АКШ бөгөт койду
Жаңылыктар түрмөгү
0