Үчөөлөп сабап коюшкан... Токтогулда адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиЗадержание подозреваемых в убийстве в Токтогуле
Задержание подозреваемых в убийстве в Токтогуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Токтогулда адам өлтүрүүгө шектүү үч киши кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.
Окуя 28-февраль күнү саат 13:57лер чамасында катталган. Анда Токтогул районундагы үйлөрдүн биринен киши колдуу болгон 35-40 жаштагы адамдын сөөгү табылган.
Милиция ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүп, Токтогулдун 40 жаштагы жана Таластын Бакай-Ата районунун 35 жана 36 жаштагы тургундарын кармаган.

“Алар көрсөтмөсүндө спирт ичимдигин ичип отурганда сөз талашып уруша кетип, үчөөлөп сабап коюшканын, андан кийин окуя болгон жерден кетип калышканын билдиришкен”, - деп жазылган маалыматта.

Факт райондук милициянын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Кылмышка шектелип 35 жаштагы мурда соттолгон С.А. аттуу Жайыл районунун тургуну кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2024
Кара-Балтада дене мүчөсү бөлүнгөн кишинин сөөгү табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0