Россиядагы президенттик шайлоого карата Кыргызстанда төрт участок ачылат

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүШайлоодо добуш берип жаткан киши. Архив
Шайлоодо добуш берип жаткан киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Россияда 17-мартта болчу президенттик шайлоого карата Кыргызстанда төрт участок ачылат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси маалымдады.
Дипломатиялык өкүлчүлүк шайлоо участокторунун даректерин кошо жарыялаган. Алар:
Россиянын элчилигинде (Бишкек шаары, Манас проспекти, 55);
Ош шаарындагы Башкы консулдукта (Бобулов көчөсү, 77);
№20022 аскер бөлүгүнүн маданият үйүндө (Кант, Полевая көчөсү, 10А/1);
№87366 аскер бөлүгүнүн клубунда (Каракол шаары, Кой-Сары).
Добуш берүү Бишкек убактысы боюнча 08:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөрү кошумчаланды.
Россиянын бир шаардын көчөсүндө шайлоо плакатынын жанында балдары менен бара жаткан адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
РФтеги президенттик шайлоо: жакынкы чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелери. Инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0