РФ президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Владимир Путиндин Федералдык жыйынга кайрылуусу
Россиянын президенти Федералдык жыйынга кезектеги кайрылуусун жасайт. Владимир Путин Москвадагы Конок сарайынын трибунасына чыгат. Федералдык каналдар анын кайрылуусу үчүн саат бөлүүдө.

Эл биримдиги, Батыш демагогиясы, үй-бүлөгө колдоо. Путиндин кайрылуусунан

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин Федералдык жыйынга кезектеги кайрылуусунда
Россия лидери Владимир Путин Федералдык жыйынга кезектеги кайрылуусунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Жазылуу
Россиянын Баш мыйзамына ылайык, президент жыл сайын Федералдык жыйынга кайрылып, өлкөдөгү абалга, анын тышкы жана ички саясатындагы негизги багыттарына токтолот.
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Федералдык жыйынга кезектеги кайрылуусун жасап, өлкөдөгү абалга, анын тышкы жана ички саясатындагы негизги багыттарга, алдыда жасалуучу иштерге токтолду.
Төмөндө кайрылуудагы урунттуу учурларды сунуштайбыз:
Россия ийиндеше туруп, кооптуулук жараткандарга жооп берерин далилдеди. Биз чогулуп, ар кыл көйгөйлүү чакырыктарга жооп берип, өтө кыйын маселелерди өзүбүз чечип кое алабыз. Эл аралык террорчулуктун агрессиясын артка кайтардык, өлкөнүн биримдигин сактап, кезегинде бөлүп-жарып кетүүгө жол берген жокпуз;
Путин аны менен катар эле РФ өзүнүн ички ишине кийлигишүүгө эч кимге жол бербей турганын белгиледи. Дүйнө жүзүндө жаңжал чыгарып, колониялаштыруу адаты бар Батыш Россиянын өнүгүүсүн токтоткусу келет. Алар күчтүү Россиянын ордуна алсыз, ындыны өчүп бара жаткан өлкөнү көрсөк дешет. Чынында Россияны Украинадай абалга кептегиси келип, чыр-чатак чыгарууну көздөшкөн. Бирок көп улуттуу элдин чечкиндүүлүгү, эрктүүлүгү алардын тилегин таш каптырды;
Бирөөгө озунуп кол салбайбыз! "Россия Европага кол салууга камынды" деген батыштык саясатчылардын пикири болбогон кеп. Алар Украинага, Жакынкы Чыгышка жана башка дүйнөнүн аймактарына от жагып, калп айтканды улантып жатат. Эми бир кызарып койбой, Россиянын Европага кол салуу ниети бар деп чыгышты. Алардын болбогон кепти айтып жатканын баарыбыз түшүнүп турабыз. Ал эми өздөрү биздин аймакка сокку уруу үчүн буталарды, кыйратуунун эң майнаптуу делген каражаттарын тандап отурушат;
Атайын операция жана командирлер мууну тууралуу. Путин Россиянын Куралдуу күчтөрү болуп көрбөгөндөй согуштук тажрыйба топтоп, андан улам командирлердин такшалган бүтүндөй бир мууну өсүп чыкканын белгиледи. Бул аскер кызматкерлери бүгүнкү күндө мамлекеттин алдына коюлган маанилүү тапшырманы аткарып жатышат;
АКШнын Россия менен стратегиялык сүйлөшүүгө кызыкдарбыз дегени — демагогия. Соңку мезгилде дарегибизге ар кандай айыптоолор айтылууда. Россия космоско өзөктүк куралды жайгаштыргысы келет деген куру кеп. Бул бизди өздөрү үчүн ыңгайлуу болгон сүйлөшүүлөргө аргасыз кылуу аракети. Ошол эле учурда космоско өзөктүк куралды жайгаштырбоо боюнча биздин сунуштарыбызды 15 жылдан бери бөгөттөп келишет. Демек, АКШ бийлигинин биз менен стратегиялык сүйлөшүүгө кызыкдарбыз деген билдирүүсү — демагогия, шайлоонун алдында элге, дегеле баарына мурдагыдай эле дүйнөнү башкарып жаткандай көрүнүү далалаты;
Путин саясий маселелерден тышкары мамлекеттин ичиндеги өзгөчө социалдык жана гуманитардык тармак тууралуу сөз кылды. Үй-бүлө жана ага жасалган колдоо. Россияда көп балалуу үй-бүлө кадыресе көрүнүшкө айланып, коомдун жашоодогу философиясы, мамлекеттик стратегиянын негизги багыты болушу керек. Ал жаңы "Үй-бүлө" аттуу программа ишке киргенин айтты. Мындан ары көп балалуу үй-бүлөлөргө салыктык жеңилдетүүлөр каралып, энелик капитал көбөйтүлөт, ошондой эле жеңилдетилген ипотекалык программа 2030-жылга чейин узартылат;
Чакан шаарлардагы класс жетекчилердин жана колледж, техникумдагы кураторлордун федералдык төлөмү 1-мартта эки эсе көбөйөт. 2030-жылга чейин 40тан кем эмес студенттик шаарча курулат, бул багытка 400 млрд. рубль жумшалат;
Дагы бир маанилүү учур — орус тили боюнча. Путин Россия өкмөтүнө орус тили менен маданиятын жайылтуу боюнча программаларды (өзгөчө КМШ өлкөлөрүндө) каржылоо тапшырмасын берди.
Россиянын Баш мыйзамына ылайык, президент жыл сайын Федералдык жыйынга кайрылып, өлкөдөгү абалга, анын тышкы жана ички саясатындагы негизги багыттарына токтолот. Президенттик кайрылуу өлкөнүн өнүгүшүнүн векторун аныктап, адатта мыйзамдарга, жарлыктарга негиз болот.
Буудайдын түшүмү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Владимир Путиндин Федералдык жыйынга кайрылуусу
Россия — буудайдын глобалдык рыногунун лидери. Путиндин кайрылуусу
Жаңылыктар түрмөгү
0