Бишкекте батирлердин ижарасы канча болууда? Февралга карата маалымат

Жазылуу
Бишкекте 2024-жылдын февраль айында батирлердин ижара акысы кандай өзгөрдү? Кыймылсыз мүлк рыногундагы абал тууралуу биздин инфографикадан маалымат алыңыз.
Биз ай сайын ачык булактардагы маалыматтарды карап Бишкектеги батирлердин баасына көз салып келебиз.
Окурмандардын ыңгайы үчүн ар кандай типтеги бир, эки, үч бөлмөлүү турак жайдын орточо ижара акысы көрсөтүлдү. Анда 104, 105 жана 106-сериядагы, "элиталык", жеке жана мейманкана тибиндеги батирлер камтылган.
Бул ирет Бишкектеги батирлердин ижара акысы февраль айында кандай өзгөргөнүн байкап көрдүк. Ал үчүн 1 965 жарнама каралды. Узап бараткан айда жеке типтеги бир бөлмөлүү үйлөрдүн орточо ижара акысы арзандаса, эки бөлмөлүү "элиталык" үйлөрдүн баасы өсүп кеткен. Мындан тышкары, 104, 106-сериядагы бир бөлмөлүү үйлөр жана 105-сериядагы үч бөлмөлүү батирлердин ижарасы да жогорулаган.
Калган типтеги үйлөрдүн баасында өзгөрүү байкалган эмес.
Бир бөлмөлүү батирлердин ижарасынын орточо акысы эмереги менен төмөнкүдөй болду:
104-серия — 26 000 (12 000ден 45 000ге чейин);
105-серия — 27 000 (12 000ден 38 000ге чейин);
106-серия — 30 000 (20 000ден 40 000ге чейин);
жеке типтеги батирлер — 24 000 ( 10 000ден 50 000ге чейин);
"элиталык" батирлер — 35 000 (20 000ден 67 000ге чейин);
мейманкана тибиндегилер — 15 000 ( 7 000ден 24 000ге чейин).
Эки бөлмөлүү батирлердин ижарасынын орточо акысы эмереги менен төмөнкүдөй болду:
104-серия — 35 000 (21 000ден 45 000ге чейин);
105-серия — 35 000 (18 000ден 45 000ге чейин);
106-серия — 35 000 (25 000ден 50 000ге чейин);
жеке типтегилер — 35 000 ( 12 000ден 80 500гө чейин);
"элита" тибиндегилер — 58 000 (30 000ден 134 000ге чейин).
Үч бөлмөлүү батирлердин ижарасынын орточо наркы эмереги менен төмөнкүдөй болду:
104-серия — 40 000 (34 900дөн 53 700гө чейин);
105-серия — 45 000 (35 000ден 55 000ге чейин);
106-серия — 40 000 (30 000ден 71 500гө чейин);
жеке типтегилер — 40 000 (23 000ден 90 000ге чейин);
"элита" тибиндегилер — 80 400 (45 000ден 179 000ге чейин).
Биз сатуучулар тарабынан айтылган орточо бааларды көрсөтөбүз. Бул акыркы нарк дегенди билдирбейт.
По теме:
Бишкектеги баасы асман чапчыган батирлерди кимдер алууда? Риелтордун жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0