Байдендин импичменти боюнча иликтөөнү колдошту. Өкүлдөр палатасынын кадамы

© AP Photo / Evan VucciАКШ президенти Джо Байден
АКШ президенти Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Жазылуу
Өкүлдөр палатасынын спикери Жонсон кабыл алынган резолюцияга комментарий берип жатып миллион доллар туурасында кеп кылган.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Республикачылар көзөмөлдөгөн АКШнын Өкүлдөр палатасы президент Жозеф Байденге импичмент жарыялоо үчүн жасала турган мындан аркы иликтөөгө санкция берген резолюцияны колдоду. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында 221 өкүл макул болсо, 212си каршы чыккан. Жыйынтыгында импичментке ыктагандар басымдуу болуп кеткен.
Буга чейин мындай демилгени палатанын тармактык комитети колдогон. Ал бюджет, көзөмөл, соттук комитеттерге Байденге жана анын үй-бүлөсүнө каршы иликтөөнү улантууга, импичмент жарыялоого негизделген нерселер жетиштүү экенин аныктоого сунушун берген.
Өкүлдөр палатасы Американын президентине каршы иликтөөсүн мурдагы спикер Кевин Маккарти кызматтан алынгандан кийин баштаган. Бул Байденге жана анын уулу Хантердин чет элдик бизнесине байланыштуу. Анда Жозеф Байден ошол кездеги президент Барак Обаманын администрациясында вице-президенттик кызматта отурган. Анткен менен Ак үй мындай күнөөлөөнү четке кагууда.
Аталган палатанын спикери Майк Жонсон кабыл алынган резолюцияга комментарий берип жатып күбөлөрдүн көргөзмөсү менен документтер Байдендин үй-бүлөсү "чет элдик каршылаштардан" миллион доллар алганын айтып турганын белгиледи.
"Күбөлөр президент жана анын бүлөсү чет элдик кардарлар менен өз ара мамиледе болуп иштешкенин айтышты. Президент жана Ак үй коомчулукту ар дайым адаштырып, биздин иликтөөгө бөгөт коюп жатат", — деп жазылган Жонсондун билдирүүсүндө.
АКШ президенти Жозеф Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
Байденге импичмент жарыялоо чечими 2024-жылдын башында кабыл алынышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0