https://sputnik.kg/20240226/ukrainadagy-chatak-ozoktuk-sogushka-otup-ketishi-mumkun-1082967618.html
Украинадагы чатактын өзөктүк согушка өтүп кетүү кооптуулугу тууралуу айтышты
Украинадагы чатактын өзөктүк согушка өтүп кетүү кооптуулугу тууралуу айтышты
Sputnik Кыргызстан
Адис соңку эки жыл ичинде өзөктүк тирешүүгө байланыштуу кооптуу кадамдардын өсүшү кадимкидей байкалганын белгилеген. 26.02.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-02-26T13:29+0600
2024-02-26T13:29+0600
2024-02-26T13:29+0600
дүйнөдө
россия
акш
өзөктүк курал
келишим
кооптуулук
ican
https://sputnik.kg/img/07e7/07/03/1076726479_0:88:1350:847_1920x0_80_0_0_0334a98f22038e738c9deebc47804176.png
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кооптуу учурлар көп болуп жаткандыктан Украинадагы чатак атайылап же чыңалып отуруп, акырындап өзөктүк согушка айланып кетиши мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости Өзөктүк куралды жоюу боюнча эл аралык кампаниянын алкагында жүргүзүлгөн саясаттын координатору менен иликтөөчүсү Алисия Сандерс-Закренин айтканына таянып жазды. Январь айында БУУнун Женевадагы россиялык өкүлү Геннадий Гатилов учурда АКШ, НАТОнун украин кризисиндеги чыңалуусу өзөктүк державалардын ортосундагы аскердик түздөн-түз тирешүүгө алып келип, кырдаал өзөктүк тобокелдиктин алдында турганын айтты.Сандерс-Закренин айтымында, соңку эки жыл ичинде өзөктүк тирешүүгө байланыштуу кооптуу кадамдардын өсүшү байкалып, ал эл аралык коомчулуктун талкуусуна алынды.Сандерс-Закре өзөктүк куралы бар мамлекеттердин, андан да коркунучтуураагын жасап жаткан жаңы тараптардын, булардан сырткары, аталган атомдук түзүмү колунда бар өлкөлөрдүн активдүү кармашка аралашып жаткан бул күндөрү өзөктүк куралды колдонуп жиберүү тобокелдиги жогору экендигин эске салды."Өзөктүк куралдарды бетке кармап алып тирешүүнү, бул жааттагы согушту таптакыр токтотуунун бирден-бир жолу — аталган куралдарды жок кылуу. Өзөктүк куралдарга тыюу салуу боюнча келишим аны жоюуну камсыздаган көп тараптуу жалгыз документ, ага Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин теңине жакыны кошулган. Өлкөлөрдүн бардыгы өзөктүк куралды колдонууну токтотуу үчүн бул келишимге кошулушу шарт", — деген ICAN эксперти.Өзөктүк куралдарга тыюу салуу келишими 2017-жылдын июль айында кабыл алынган. Ал кезде документти 122 мамлекет колдогон. Бир гана Нидерланд өлкөсү "каршы" добуш берип, Сингапур "калыс" деген позицияда калган. Көптөрү, анын ичинен Россия, АКШ ал конференциянын ишине катышкан эмес. Алар Өзөктүк куралдарды жайылтпоо туурасындагы келишим тургандыктан жаңысын кабыл алууга зарылдык жоктугун айткан. Учурда ага 93 мамлекет кол коюп, 70и ратификациялаган. Документ 2021-жылдын 22-январында күчүнө кирген.
https://sputnik.kg/20240216/aksh-rossiya-kosmos-meykindigi-1082753645.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/03/1076726479_105:0:1305:900_1920x0_80_0_0_2cc4024af32c7d54b11860398dc2b54b.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, өзөктүк курал, келишим, кооптуулук, ican
дүйнөдө, россия, акш, өзөктүк курал, келишим, кооптуулук, ican
Украинадагы чатактын өзөктүк согушка өтүп кетүү кооптуулугу тууралуу айтышты
Адис соңку эки жыл ичинде өзөктүк тирешүүгө байланыштуу кооптуу кадамдардын өсүшү кадимкидей байкалганын белгилеген.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кооптуу учурлар көп болуп жаткандыктан Украинадагы чатак атайылап же чыңалып отуруп, акырындап өзөктүк согушка айланып кетиши мүмкүн. Бул туурасында
РИА Новости Өзөктүк куралды жоюу боюнча эл аралык кампаниянын алкагында жүргүзүлгөн саясаттын координатору менен иликтөөчүсү Алисия Сандерс-Закренин айтканына таянып жазды.
Январь айында БУУнун Женевадагы россиялык өкүлү Геннадий Гатилов учурда АКШ, НАТОнун украин кризисиндеги чыңалуусу өзөктүк державалардын ортосундагы аскердик түздөн-түз тирешүүгө алып келип, кырдаал өзөктүк тобокелдиктин алдында турганын айтты.
Сандерс-Закренин айтымында, соңку эки жыл ичинде өзөктүк тирешүүгө байланыштуу кооптуу кадамдардын өсүшү байкалып, ал эл аралык коомчулуктун талкуусуна алынды.
"Курчуган мындай кырдаал капыстан чыгып кеткен же атайылап жасалган өзөктүк куралдар менен согушуунун тобокелдигин арттырат. Мындай куралга ээ бардык мамлекеттер жана алардын союздаштары утурумдук риторикалары менен кадамдарында абайлап жана өзөктүк куралдарын жок кылышы шарт. Бул аталган жааттагы тирешти алдын алуунун ишенимдүү жана бирден-бир жолу", — деген ал.
Сандерс-Закре өзөктүк куралы бар мамлекеттердин, андан да коркунучтуураагын жасап жаткан жаңы тараптардын, булардан сырткары, аталган атомдук түзүмү колунда бар өлкөлөрдүн активдүү кармашка аралашып жаткан бул күндөрү өзөктүк куралды колдонуп жиберүү тобокелдиги жогору экендигин эске салды.
"Өзөктүк куралдарды бетке кармап алып тирешүүнү, бул жааттагы согушту таптакыр токтотуунун бирден-бир жолу — аталган куралдарды жок кылуу. Өзөктүк куралдарга тыюу салуу боюнча келишим аны жоюуну камсыздаган көп тараптуу жалгыз документ, ага Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин теңине жакыны кошулган. Өлкөлөрдүн бардыгы өзөктүк куралды колдонууну токтотуу үчүн бул келишимге кошулушу шарт", — деген ICAN эксперти.
Өзөктүк куралдарга тыюу салуу келишими 2017-жылдын июль айында кабыл алынган. Ал кезде документти 122 мамлекет колдогон. Бир гана Нидерланд өлкөсү "каршы" добуш берип, Сингапур "калыс" деген позицияда калган. Көптөрү, анын ичинен Россия, АКШ ал конференциянын ишине катышкан эмес. Алар Өзөктүк куралдарды жайылтпоо туурасындагы келишим тургандыктан жаңысын кабыл алууга зарылдык жоктугун айткан. Учурда ага 93 мамлекет кол коюп, 70и ратификациялаган. Документ 2021-жылдын 22-январында күчүнө кирген.