Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленский: Киевдин контрчабуулу боюнча планы баштала электе Кремлге жеткен

© AFP / WOLFGANG RATTAYУкраина президенти Владимир Зеленский
Украина президенти Владимир Зеленский  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Жазылуу
Украина президенти жашыруун маалыматтын Россияга берилип кетишине өнөктөштөр менен өзүнүн аскерий тарабынан шектенип жатканын айткан.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинанын ишке ашпай калган контрчабуулдарынын планы баштала электе эле Кремль аны менен таанышып койгонун мойнуна алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Бул пландын майда-чүйдөсүн ачык айта албайм. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн планын канчалык аз киши билсе, жеңиш ошончолук эрте болот. Контрчабуулдар баштала электе эле Кремлге жетип, ал жерде столдо жаткан", — деген Зеленский жекшембиде берген маалымат жыйынында.
Ал жашыруун маалыматтын Россияга берилип кетишине өнөктөштөр менен өзүнүн аскерий тарабынан шектенип жатканын билдирип, бирок кеп ким туурасында жүрүп жатканын айткандан тартынды.
"Кол (жогорку командачылыктын — ред.) өтө кенен, ал жакта тигил же бул тармактардын командачылыктары бар. Өтө эле жайылган. Бизди курал менен камсыздап турган өнөктөштөр да согуштук кээ бир кадамдарыбызды билчү. Билиши керек, болбосо тиешелүү пакетти карабайт. Мындай адамдардын саны көп болсо душман тарап сырларыбызды майда-чүйдөсүнө чейин билип алат", — деп Зеленский кимден шектенип жатканын тактаган жок.
Украина контрчабуулун 2023-жылдын 4-июнунда баштаган. Андан үч ай өткөн соң Россия президенти Владимир Путин "контрчабуул начар жасалып жаткан жок, ал такыр эле ишке ашпай калды" деген. Өткөн жылдын декабрынын башына карата берилген маалыматта Киевдин жасалган чабуулдары 125 миң аскеринин каза болуп жана жаракат алуусу менен коштолгону айтылды.
Владимир Зеленский, Эммануэль Макрон жана Олаф Шольц Париждеги жолугушууда. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадан улам Франция менен Германияда чатак чыгып кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0