Денис Петрашов АКШдагы беделдүү турнирден күмүш медаль утту

© Фото / пресс-служба Федерации водных видов спорта КРДенис Петрашов АКШдагы беделдүү турнирден күмүш медаль утту
Денис Петрашов АКШдагы беделдүү турнирден күмүш медаль утту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүү боюнча АКШнын Студенттик ассоциациясынын чемпионатынан (NCAA) күмүш медаль утту. Бул туурасында өлкөнүн Суу спорту ассоциациясы билдирди.
© Фото / пресс-служба Федерации водных видов спорта КРПловец Денис Петрашов на Чемпионате студенческой ассоциации США NCAA
Пловец Денис Петрашов на Чемпионате студенческой ассоциации США NCAA  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Ал 200 метр аралыкты 1 мүнөт 51 секундада сүзүп өтүп, марага жеткен.
“Денис – бул ассоциациянын 100 метрге брасс ыкмасында сүзүү боюнча рекорд жаратуучусу. Алдыда ал узак сапарга чыкканы турат. АКШдан Филиппинге учуп келип, эртеси эле суу спорту боюнча XI Азия чемпионатына катышат”, — деп айтылат маалыматта.
Сууда сүзүү боюнча кыргызстандык спортчу Денис Петрашов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Денис Петрашов АКШдагы чемпионатта алтын утту. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0