24-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте кар жааганда көчөдө смартфон көтөрүп бара жаткан кыз. Архив
Бишкекте кар жааганда көчөдө смартфон көтөрүп бара жаткан кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Жазылуу
24-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. 24-февраль, ишембиде, күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 0...-5, Талас аймагында -1...-6 градус суук болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0...+5 градус жылуу болору күтүлөт. Ысык-Көл өрөөнүндө -2...+3, Нарын жергесинде -2...-7 градуска жетери айтылды.
Борбор калаа Бишкекте -1...-3 градус суук болсо, Ош шаарында +2...+4 градус жылуу болот.
Чокуга чыгып бараткан альпинист. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Баткендеги Ак-Суу чокусунда изделген россиялык альпинисттин сөөгү табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0