Украинанын ЦРУ тескеген атайын кызматы. 2014-жылдагы төңкөрүштүн кээри

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүРадикалдуу оппозициянын тарапкерлери Киевдеги митинг учурунда. Архив
Радикалдуу оппозициянын тарапкерлери Киевдеги митинг учурунда. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2024
Жазылуу
Киевде 2014-жылдын кыш айларында болгон куралдуу төңкөрүш — АКШнын антироссиялык стратегиясынын элементи жана ЦРУнун ишинин жыйынтыгы.
"Майдан-2" Украина атайын кызматтарынын (мамлекеттик коопсуздук кызматтары) америкалык кураторлордон көз карандылыгынын форматы кескин өзгөрүүсүнөн улам ишке ашты. Евромайдандагы алгачкы көз жумгандар "гегемон" тараптын Россияга каршы прокси-согушунда жүз миңдеген жоокер менен офицерлерди пайдаланган тарыхтын прологу болуп калышты. Мазепанын чыккынчылыгынан бери 300 жыл өтсө да "эркин" Украина "баатырынын" тагдырын кайталап, мамлекеттүүлүгүнөн ажыраганы турат.
РФ лидери Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсон менен 9-февралда маек куруп жатып 2014-жылы Украинада болгон мамлекеттик төңкөрүш АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) колдоосу менен ишке ашканын белгилеп, "техникалык жактан баарын туура жасап, бийликти алмаштырып максатына жеткенин, бирок саясий жактан өтө чоң ката кетиргенин" айткан.
ЦРУнун тескеп багыттоочу ролу ушул майданда эле байкала калган жок. Украин президентинин администрациясынын мурунку жетекчиси Андрей Клюев: "Украина эки "түстүү" революцияны башынан кечирди, экөө тең Батыштын атайын кызматтары, тагыраагы, АКШнын атайын кызматы тарабынан даярдалган сценарий менен жасалды... Бардык белгилери боюнча бул — мамлекеттик төңкөрүш, ошону менен бирге эле кыйла жылдан бери даярдалган аскердик операция", — деди.
Клюев америкалыктардын Украина Коопсуздук кызматын (УКК) жок кылуу ыкмалары, ЦРУ адистеринин согушкерлерди даярдоосу тууралуу да айтып берген. Мунун баары, албетте, америка акчасы үчүн жасалып келет. АКШ мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Виктория Нуланд 2014-жылы CNN телеканалына маек куруп жатып Вашингтондун "Украина элинин күчтүү, демократиялык өкмөттү түзүүгө умтулганын колдоо үчүн" 5 миллиард доллар бөлгөнүн тастыктаган. Майдандагыларга деле акчаны атайын даярдыктан өткөн америкалыктар таратканы маалым.
Америкалык атайын кызматтын адистери 2000-жылдардын башынан баштап Киевде ачык эле иштеп, украин күч түзүмдөрүн Вашингтондун ыңгайына карап өзгөртүп келишкен. ЦРУ менен УКК жетекчилери ыкчам маселелерди талкуулоо үчүн байма-бай жолугуп турушкан, мунун баары АКШнын атайын кызматтарынын стратегиялык планына кирген эле. Украина атайын кызматынын жетекчилери 2004-жылы уюштурган Майданды америкалыктар колдогонун да жашырышкан эмес. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин чалгындоо башкы башкармалыгынын начальниги Александр Галака менен УКК жетекчиси Игорь Смешко чогулган элдин арасында болуп, митингчилерди коргоого даяр экенин айтышкан.
Бийликке Виктор Ющенко келгенден кийин 2005-жылы башталган украин атайын кызматтарынын реформасы УКК жетекчилигине баптист пастор Александр Турчиновду алып келди. Киев Батыштын атайын кызматына дагы бир кадам жакындай түштү. 2010-жылдын октябрында Украина "коопсуздук жана чалгын секторун реформалоо жаатында НАТО менен иштешүүгө белсенген мурунку СССРдин курамындагы алгачкы өлкө" болуп чыга келди.
АКШнын Борбордук чалгын кызматы Виктор Ющенконун доорунда (2005-2010) украин жеринде "эл аралык террорчулар үчүн" деп жашыруун түрмөлөрүн ишке киргизди. Америкалык кураторлор жеке мисалында Украина Коопсуздук кызматын мыйзамга кол шилтеп, моюнга алдыруунун гестаполук ыкмаларын жана соттон тыш жазалоону үйрөттү. Мунун баары 2014-жылдан тарта Украинада кадыресе көрүнүш катары кабылданып калды.
Киевдеги Эгемендүүлүк аянтындагы өрттүн түтүнү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2024
Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштүн 10 жылы: өлкө улам кичирейип барат

"Майдан-2" операциясы

Америкалыктар 2014-жылдын башында Майдандын отуна май чачуу үчүн атайын каражаттын кыйла арсеналын пайдаланып жиберген эле: фонддор, коомдук уюмдар, оппозицияга, бийликтин партиясына, күч структурасына, ошондой эле президент Виктор Януковичтин айланасына таасир этүүчү агентура түзүлгөн. Украинадагы мамлекеттик коопсуздук системасы ал мезгилде толук АКШ менен НАТОнун пайдасына карап өзгөртүлгөн эле.
Украина "Майдан-2ге" чейин эле антироссиялык болуп калган. Киевдеги мамлекеттик төңкөрүш — ЦРУнун көп жылдык ишинин натыйжасы. Проамерикалык Майданды даярдоо процесси УКК башчысынын милдетин Валентин Наливайченко (2006-жылдын декабры — 2010-жыл) аткара баштагандан тарта кыйла тездеди.
ЦРУ кызматкерлерине Украина Коопсуздук кызматынын башкы имаратынан бир кабат толугу менен бөлүнгөн. Наливайченкону Жогорку Рада дароо эле колдоп жиберген жок, 2009-жылы араң бекиген. Ошол эле жылы Наливайченкого кеңешчи жана атайын кызматтарды "жарандык-демократиялык көзөмөлдөө" боюнча ведомствонун жетекчиси болуп британиялык МИ-6 чалгынынын экс-кызматкери Бриджит Остин дайындалган.
Кызыгы, Наливайченко Жогорку Раданын депутаты болуп шайлангандан кийин деле АКШнын Украинадагы элчиси Жеффи Пайетт кам көргөн машыгуу лагерлеринде согушкер-бандерачыларды даярдоону тескөөсүн уланта берген. Ошентип америкалык аскерлер украин "майдандары" менен Донбасстагы согуштук аракеттерге аралашып кетти.
Азыркы Мазепанын таржымалы да кызык. Киев университетинин бүтүрүүчүсү Валентин Наливайченко Андропов атындагы Тышкы чалгын кызматында окуусун улантып, 1994-жылдын февралында мөөнөтүнөн мурда окуудан бошоо боюнча рапорт жазат. Украина Коопсуздук кызматына Киевге жөнөтүлүп, 28 жашында "кызматка шайкеш келбегенинен улам" запаска чыккан. Анткен менен ошол эле жылы дипломатияга ыктап, Украинанын Финляндия жана Дания менен Норвегияда кызматын айкалыштыруу менен элчиликтин экинчи жана үчүнчү катчысы болуп иштей баштайт. Кийинчерээк, 2001-2003-жылдары Наливайченко Вашингтондо Украинанын АКШдагы элчилигинде башкы консул болуп эмгектенген. Украинанын башкы прокурорунун биринчи орун басары Ренат Кузьминдин жана УККнын мурунку жетекчиси Александр Якименконун маалыматы боюнча, АКШнын атайын кызматы Наливайченкону Вашингтондо иштеп жүргөн кезинде өз катарына тартып азгырган. Балким, андан да мурун болгондур.
Украинанын Башкы прокуратурасы бир аз кечигип, 2013-жылы Наливайченкону мамлекеттик сырды ачыктаган деп айып такты. УККнын башчысы 2006-2010-жылдардын аралыгында ЦРУга украин дипломаттарынын азгырылышы боюнча контрчалгындын материалдарын берип, Лэнгли кызматкерлерине УККнын башкы имаратынан иштөөчү жер бөлгөнү, украин атайын кызматтарынын жашыруун документтерин жана кызматкерлердин өздүк делолорун окууга жол ачканы айтылат. ЦРУнун кадрларды фильтрлеп, керексизин чийип, керектүүсүн алып калган "иш билгилиги" Киевде укуктук баасын албай калды. Иш кайсы бир убакыттан кийин "кылмыштын курамы жок болгондуктан" кыскарып, Наливайченко 2014-жылдын 24-февралында кайрадан УККнын төрагасы болуп дайындалган.
Киевдеги төңкөрүштөн кийин АКШ менен НАТОнун атайын кызматтарынын инфраструктурасы көрүнөө да, көмүскө да кеңейип, Украинада Россияны "угуп туруу" үчүн америкалык чалгын кызматы түзүлөрү боюнча маалымат тарай баштаган. ЦРУнун башчысы Жон Бреннан 2014-жылдын апрелинде Киевге келген, америкалык куратору менен жолуккандан кийин УККнын экс-жетекчиси жана Жогорку Радананын спикери Александр Турчинов Донбасста "контртеррордук операция" башталганын жар салган.
2014-жылдын 22-ноябрында УКК башчысынын орун басары Андрей Леус "Майдан Кызыл аянтка көчүп, Украина курамына Россиянын коңшулары жана Москвадан кордук көрүп жаткан чечен, бурят, адыгей, татар улуттары, сибирликтер, уралдыктар кире турган антипутиндик коалиция түзүшү" керектигин айткандан кийин Киевдин асманын кара булут каптай баштады. Албетте, улуттук атайын кызматы Вашингтонго көз каранды болбогон мамлекеттерде мындай "түстүү революцияларды" жасоо мүмкүн эмес. Буга 2020-жылдын күзүндө Беларустагы ишке ашпай калган Майдан далил.
АКШнын тышкы саясий куралы катары Борбордук чалгын кызматы 2015-жылы өзүнө ылайыктап УККнын Бешинчи башкармалыгын түзүп, аскердик чалгын кызматын трансформациялаган. Ушу кезге чейин Россия менен болгон ачык да, жашыруун да согушта украин агенттерин укуктук талаадан тыш жетектеп келет.
Москванын айкөлдүгү да чегине жетти, улуттук коопсуздугун мыйзамдуу аскердик каражаттар менен камсыздап жатат. Украинадагы атайын операциянын экинчи жылы соңуна чыгып баратат, анын жүрүшү, айрым жыйынтыктар АКШ менен НАТОну жыргатпайт. Батыштын Киев режимине кошумча курал-жарак жеткирүүсү жана башка деструктивдүү аракеттери атайын операциянын мөөнөтүн узартып, украин армиясы менен НАТОдогу жоготуунун жогорулашын гана шарттайт. Ал эми россиялык атайын операциянын максаты өзгөрбөйт. ЦРУнун "түстүү революцияларынын" жана АКШнын мите курттай болгон "гегемониясынын" доору артта калып бара жатат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
РФ президенти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсон менен болгон маек учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2024
Путин: Украинадагы мамлекеттик төңкөрүш АКШнын оңбогондой катасы болгон
Жаңылыктар түрмөгү
0