00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Кыш мезгилинде туура тамактануу — рациондо белок, май, углеводго бай азыктардын болушу шартпы?
23:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Соцфонд: чет жакка чыгып кеткендер беш жылдан соң да пенсиясын ала алышат

© Sputnik / Асель СыдыковаСоциалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева. Архив
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2024
Жазылуу
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева кандайдыр бир себептер менен пенсиясын учурунда албай калгандардын алуу мүмкүнчүлүгүн беш жылга узартуу сунушталганын айтты.
Учурдагы иштеп жаткан мыйзам боюнча, жаран пенсиясын үч жыл албай калса кайра келип арыз менен кайрылып, өткөн мезгилдикин ала алат. Мөөнөттү жаңы мыйзам долбоорунда беш жылга узартуу сунушталып жатканын Гүлнура Жуматаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Соцфонд: чет жакка чыгып кеткендер беш жылдан соң да пенсиясын ала алышат
Анын айтымында, жогорудагыдай өзгөртүү ааламдашуу доорунда чет өлкөгө чыгып кетип, жылдап пенсиясын албай калган карыялар көбөйгөндүктөн сунушталууда.
"Эгер жаран пенсиясын почта аркылуу алса маселе жок. Бирок банк аркылуу алгандар учурда үч жыл катары менен албай койсо ага пенсия берүү токтотулуп, өзү келип арыз менен кайрылган учурда гана бирдиктүү сумма менен өткөн мөөнөттүкү төлөнүп берилет. Биз ушул убакытты беш жылга узартууну сунуштап жатабыз. Анткени өзгөчө пандемия учурунда чет мамлекетке чыгып кеткен пенсия алуучулар үч жылдан ашык ал жакта кармалып калып, пенсиясы токтотулган учурлар болду. Мындай маселе жаралса аларга эле кыйын болуп калат экен. Бирок мамлекет да пенсиясын дайын-дареги жок эле албай жаткан жаранга төлөп жүрө бере албайт. Анткени "жаман айтпай, жакшы жок" демекчи, балким ал адамдын көзү өтүп кеткен болсо кара мүртөз жакындары анын каза болгонун жашырып коюшу мүмкүн. Бул бизде эле эмес, бүткүл дүйнө жүзү боюнча кездешчү көйгөй. Мисалы, Түркияда пенсионерлер банктык картасына акча ала алышпайт. Ай сайын өздөрү барып, көзмө-көз көрүшүп гана акчасына ээ болушат. Ал эми Польшада адам акчасын өзү алып жатканын билип коюу максатында пенсионерлерге маал-маалы менен кызматкерлер чалып турушат экен. Бизде да мурда ар алты айда келип "мен бармын" деп каттоодон өтүп кетишчү. Кийин бул үч жылга узарган. Эми ааламдашуу доорунда көпчүлүгү эле небере багып, чет элде жашаган балдары менен кошо өлкөдөн чыгып кеткенин айтышууда. Андыктан беш жылга узартып жатабыз", — деди Жуматаева.
Ал беш жылдан ашып кеткен учурда пенсия алуучу беш жылынын каражатын алып, андан өтүп кеткен учуру үчүн пенсия берилбей каларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0