21-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАяздуу туманда көчөдө бара жаткан аял. Архив
Аяздуу туманда көчөдө бара жаткан аял. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2024
Жазылуу
21-февралда түнкүсүн жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу республиканын көпчүлүк аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Шаршембиде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында 0…-5, Талас жеринде -2…-7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -3…+2, Нарын чөлкөмүндө -4…-9 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 0…-2, Ош шаарында 0…+2 градус болот.
Кыш. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2024
Суук дагы канча кармалат? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0