18-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТумандуу аба ырайы. Архивдик сүрөт
Тумандуу аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2024
Жазылуу
18-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу аймактардагы жолдорго кар күрткүсү түшүүсү ыктымал.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү Ош, Баткен облусунун көпчүлүк, Жалал-Абад, Нарын региондорунун айрым аймактарында, Талас менен Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө -4...-9, Талас өрөөнүндө -5...-10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -4...+1, Ысык-Көлдө -2...-7, ал эми Нарында -3...-8 градус болот.
Ошто мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүн табы Бишкекте -4...-6, Ош калаасында 0...-2 градуска төмөндөйт.
Парктагы отургучта кыз эс алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Март айында аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0