https://sputnik.kg/20240216/martka-karata-aba-yrayy-1082759337.html
Март айында аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Март айында аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Sputnik Кыргызстан
Алдын ала маалыматка таянсак, ай ичинде күн жылуу болот. Бирок айрым түндөрү абанын температурасы кескин төмөндөшү ыктымал. 16.02.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-02-16T15:56+0600
2024-02-16T15:56+0600
2024-02-17T13:17+0600
кыргызстан
март
аба ырайы
кыргызгидромет
https://sputnik.kg/img/07e8/01/10/1081951768_0:0:2740:1542_1920x0_80_0_0_bb3ddc6abf494155e6ed7071cc21ffb4.jpg
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жаздын алгачкы айында, тагыраагы, мартта өлкөдө абанын айлык орточо температурасы нормага жакын болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.Бул айда жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болгону менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында климаттык нормадан арбын болору болжомолдонду.Чүй облусуАбанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп түнкүсүн 0…-5 градустан 3…8 градуска чейин суук, күндүз 7…12 градустан 16…21 градуска чейин жылуу болот. Кээ бир түндөрү абанын температурасы -13 градуска чейин төмөндөй турганы айтылды. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3… -8 градустан -2…3 градуска чейин суук болсо, күндүз 15 градуска чейин жогорулайт.Талас облусуАбанын орточо температурасы 2…4 градусту көрсөтөт. Түнкүсүн -2…-7 градустан 1…6 градуска чейин, күндүз 5…10 градустан 14…19 градуска чейин жетери айтылды.Ош облусуАбанын орточо температурасы 6…8, тоолуу райондордо 3…5 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5 градустан 6…11 градуска чейин жылуу болсо, күндүз 8…13 градустан 17…22 градуска чейин жетери божомолдонууда. Кээ бир күндөрү сууктун күчү түнкүсүн -1…-6 градус, күндүз 2…7 градуска чейин жетет. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3...2 градустун тегереги, күндүз 6…11 градсустан 14…19 градуска чейин жогорулайт.Жалал-Абад облусуАбанын орточо температурасы 6…8 градус, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болушу мүмкүн. Ай ичинде түнкүсүн 0…5 градустан 6…11 градуска чейин, күндүз 8…13 градустан 17…22 градуска чейин ысыйт. Токтогул районунда абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градус, күндүз 12…17 градусту көрсөтүп, жылуу болору божомолдонду.Баткен облусуАбанын орточо температурасы 6…8 градус, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болушу ыктымал. Ай ичинде түнкүсүн 0…5 градустан 6…11 градуска чейин жылыса, күндүз 8…13 градустан 17…22 градуска чейин өзгөрүп турушу мүмкүн. Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3...8 болсо, күндүз 6…11 градустан 14…19 градуска чейин жылыйт.Ысык-Көл облусуАбанын орточо температурасы 1…3 градус жылуу болушу күтүлүүдө. Түнкүсүн -4…-9 градустан 0…5 градуска чейин жылыса, күндүз 9…14 градуска чейин жетет.Нарын облусуАбанын орточо температурасы 0…-2 градус суук, Кочкор районунда 0…2 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде түнкүсүн -3…-8 градустан 0…5 градуска чейин өзгөрүлүп турса, кээ бир түндөрү сууктун күчү -9…-14тү көрсөтүшү ыктымал. Күндүз абанын температурасы -2… +3 — 9…14 градуска чейин жылыса, Кочкор районунда 1…16 градуска чейин жылуу болору божомолдонду.
https://sputnik.kg/20231130/kyrgyzstan-ehs-aluu-kundor-1080870039.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/01/10/1081951768_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_a4ce8b193b2105f0d00e3378a471b973.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, март, аба ырайы, кыргызгидромет
кыргызстан, март, аба ырайы, кыргызгидромет
Март айында аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
15:56 16.02.2024 (Жаңыртылды: 13:17 17.02.2024) Алдын ала маалыматка таянсак, ай ичинде күн жылуу болот. Бирок айрым түндөрү абанын температурасы кескин төмөндөшү ыктымал.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жаздын алгачкы айында, тагыраагы, мартта өлкөдө абанын айлык орточо температурасы нормага жакын болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Бул айда жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болгону менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында климаттык нормадан арбын болору болжомолдонду.
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп түнкүсүн 0…-5 градустан 3…8 градуска чейин суук, күндүз 7…12 градустан 16…21 градуска чейин жылуу болот. Кээ бир түндөрү абанын температурасы -13 градуска чейин төмөндөй турганы айтылды. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3… -8 градустан -2…3 градуска чейин суук болсо, күндүз 15 градуска чейин жогорулайт.
Абанын орточо температурасы 2…4 градусту көрсөтөт. Түнкүсүн -2…-7 градустан 1…6 градуска чейин, күндүз 5…10 градустан 14…19 градуска чейин жетери айтылды.
Абанын орточо температурасы 6…8, тоолуу райондордо 3…5 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5 градустан 6…11 градуска чейин жылуу болсо, күндүз 8…13 градустан 17…22 градуска чейин жетери божомолдонууда. Кээ бир күндөрү сууктун күчү түнкүсүн -1…-6 градус, күндүз 2…7 градуска чейин жетет. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3...2 градустун тегереги, күндүз 6…11 градсустан 14…19 градуска чейин жогорулайт.
Абанын орточо температурасы 6…8 градус, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болушу мүмкүн. Ай ичинде түнкүсүн 0…5 градустан 6…11 градуска чейин, күндүз 8…13 градустан 17…22 градуска чейин ысыйт. Токтогул районунда абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градус, күндүз 12…17 градусту көрсөтүп, жылуу болору божомолдонду.
Абанын орточо температурасы 6…8 градус, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болушу ыктымал. Ай ичинде түнкүсүн 0…5 градустан 6…11 градуска чейин жылыса, күндүз 8…13 градустан 17…22 градуска чейин өзгөрүп турушу мүмкүн. Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3...8 болсо, күндүз 6…11 градустан 14…19 градуска чейин жылыйт.
Абанын орточо температурасы 1…3 градус жылуу болушу күтүлүүдө. Түнкүсүн -4…-9 градустан 0…5 градуска чейин жылыса, күндүз 9…14 градуска чейин жетет.
Абанын орточо температурасы 0…-2 градус суук, Кочкор районунда 0…2 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде түнкүсүн -3…-8 градустан 0…5 градуска чейин өзгөрүлүп турса, кээ бир түндөрү сууктун күчү -9…-14тү көрсөтүшү ыктымал. Күндүз абанын температурасы -2… +3 — 9…14 градуска чейин жылыса, Кочкор районунда 1…16 градуска чейин жылуу болору божомолдонду.

30 Жетинин айы 2023, 10:57