Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Камчыбеков: кен казуу жаатында стратегиялык документ болушу зарыл

© Sputnik / Асель СыдыковаТоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков
Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Жазылуу
Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү минералдар, элементтер тууралуу айтып берди.
Кызыл-Омполдун Таш-Булак тилкеси гана деталдуу чалгындалып, 3500 тонна уран, 1,5 миң тонна титаномагнетит, болжолдуу өлчөмдө торий, цирконий бар экени айтылган. Бирок бир да сейрек кездешүүчү элемент табылган эмес. Бул тууралуу Дүйшөнбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Камчыбеков: кен казуу жаатында стратегиялык документ болушу зарыл
Анын айтымында, полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү элементтерди казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу чечими учур талабы болуп турат.

"Бүгүн экономикалык шарттардан улам Кыргызстандагы кендердин баарын иштетүүгө муктажпыз. Мында экологиялык жактан жумуш туура жүрүшү кажет. Республикада союздан бери толук кандуу изилденип, иштетилип жаткан Куттуу-Сай кени карьер болуп казылып, Орловкадагы комбинатка алып келинип, СССРден дүйнөгө тарачу. Мындагы Дмитрий Менделеевдин таблицасында көрсөтүлгөн иттрий, тербий, диспрозий, неодим, самарий дүйнөлүк практикага, электроникага эң керектүү материал болуп эсептелинет. Ошол өндүрүлгөн продукция 10-50 граммдап пакетке салынып, союз кезинде эле он миңдеген доллар турчу. Союз тараган соң иштете албай калдык, Ак-Түздөгү карьерлер абдан тереңдеп кеткен. Анын кесепетинен Орловкадагы комбинат да өз ишмердигин токтотуп койду. Өлкөдө Куттуу-Сайдан башка деталдуу изилденип иштетилген сейрек кездешүүчү металлдардын кени жок. Чүйдүн Панфилов районунда, Жети-Өгүздө, Баткен облусунда кен табылган, бирок кээ бирлеринин кору абдан аз. Алгач өзүбүз изилдеп, кендердин ордун аныктап, бизнес-пландарды түзүп, анан инвестор тартуу маселесин кароо кажет. Ысык-Көлдүн Тоң районунда литийдин миңдеген тонна кору табылган. Баткен облусунда экономикага көп киреше алып келүүчү тантал металлы аныкталган. 1999-жылы изилдөөгө келген япон геологдору Тажикстандан кирип келген моджахеддер тарабынан туткунга алынып, ошону менен иш уланбай калган. Мындан тышкары, бизде рубиндин да үлгүлөрү бар. Убагында Жумгалда коргошун казылып, Орловкага алып келинип эритилип, ошол жерден согушка октор даярдалган. Учурда коргошун иштеткен бир да кен жок. Азыр машина өндүрүү абдан өнүгүп жаткан маалда муну колго алуу керек. Ушуга чейин сырттан алып келип пайдаланабыз. Коргошун кени Кубакыда, Ат-Башыда бар. Муну менен катар цинк, вольфрам, олово, сымап, сурма да табылат. Мамлекетте алтын менен күмүш эле эмес, бардык кендерге байланыштуу концепция болсо жакшы болот эле. Стратегиялык документ сөзсүз иштелип чыгышы керек. 2022-жылы тоо-кен өнөр жай тармагынан бардык салыктын түрү боюнча 48 миллиард сом түшкөн. Быйыл эки эле салык боюнча 4 миллиард сом бюджетке киргенин айтышууда. Бирок айтылып жаткан Кызыл-Омпол кенинде 300 миллиард долларлык сейрек кездешүүчү металлдар бар деген маалымат туура эмес", — деди ал.

Ал сейрек кездешүүчү металлдардын кенин изилдөө иши 3-4 жылга чейин созулуучу процесс экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0