https://sputnik.kg/20240214/rossiya-koopsuzduk-keneshte-bildiruu-zhasady-1082684627.html
"АКШнын өзөктүк калканынан жарака кетти". РФтин Коопсуздук кеңешиндеги билдирүү
"АКШнын өзөктүк калканынан жарака кетти". РФтин Коопсуздук кеңешиндеги билдирүү
Sputnik Кыргызстан
Ак үй Остиндин оорусу тууралуу президент Байденге өз учурунда маалымдабаганы көйгөй жаратканын билдирген. 14.02.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-02-14T10:24+0600
2024-02-14T10:24+0600
2024-02-19T10:42+0600
дүйнөдө
акш
пентагон
ллойд остин
өзөктүк программа
чечим
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/1a/1069363093_0:218:3076:1948_1920x0_80_0_0_eb183e01b3fcb8650b64dde162ea8c9b.jpg
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. АКШнын өзөктүк калканынан Пентагондун башчысы Ллойд Остин 2023-жылдын декабрынын соңунда ооруканага жатканын жашырганда жарака кеткен. Бул туурасында Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Михаил Попов айтканын РИА Новости жазды.Ал адаттан тыш нерсе болгонун белгиледи."Таң калып деле болбойт, мындайча айтканда, АКШнын өзөктүк калканынан жарака кетти", — деп кошумчалаган ал.Анын айтканына караганда, бул, кыязы, АКШнын Өкүлдөр палатасынын Куралдуу күчтөр боюнча комитетинин төрагасын түйшөлтүп, Остинге мыйзам чыгаруучулар алдында түшүндүрүшүн белгилеп, кат жолдогон.Мындан мурдараак Остинден простата рагын аныкташканы маалым болгон. 2023-жылдын декабрында Пентагондун башчысын Уолтер Рид атындагы улуттук аскердик-медициналык борборго жаткырышкан. Операциядан кийин Остин үйүнө чыгып, бирок абалы оорлогондуктан 1-январда кайрадан ооруканага алып барышкан. Анын медициналык жайга пландалбай, тагыраагы, капыстан жатып калышы Америка өкмөтүндө чуунун чыгышына себеп болгон. Январда Ак үйдүн стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирби Остиндин оорусу тууралуу президент Жозеф Байденге өз учурунда маалымдалбаганы көйгөй жаратканын билдирген.Чуудан кийин Пентагон башчысын АКШ Конгрессинин Куралдуу күчтөрдүн иштери боюнча комитетине 14-февралда көрсөтмө берүүгө чакырышканын жогоруда айтылган каттан улам билүүгө болот. Анын тексти комитеттин сайтына жарыяланган.Жакынкы күндөрү табарсыгындагы көйгөйлөрдүн улам Остин кайрадан ооруканага түшүп калган. Бул кырдаалдан соң Пентагон жетекчиси ыйгарым укуктарын орун басары Кэтлин Хикске өткөрүп берген. Дарыланууга жатып калгандыктан Остин Украина донорлорунун Брюсселдеги жолугушуусуна барбай, алар шаршемби күнү виртуалдуу түрдө жолугушууну пландап жаткандыктарын Пентагондун өкүлү РИА Новостиге билдирген.
https://sputnik.kg/20231117/baydendin-kapystan-zhasagan-kadamy-indoneziya-prezidentin-tangaldyrdy-1080533074.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/1a/1069363093_174:0:2903:2047_1920x0_80_0_0_40386eac68746275e4b0ef526ef4feee.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, пентагон, ллойд остин, өзөктүк программа, чечим
дүйнөдө, акш, пентагон, ллойд остин, өзөктүк программа, чечим
"АКШнын өзөктүк калканынан жарака кетти". РФтин Коопсуздук кеңешиндеги билдирүү
10:24 14.02.2024 (Жаңыртылды: 10:42 19.02.2024) Ак үй Остиндин оорусу тууралуу президент Байденге өз учурунда маалымдабаганы көйгөй жаратканын билдирген.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. АКШнын өзөктүк калканынан Пентагондун башчысы Ллойд Остин 2023-жылдын декабрынын соңунда ооруканага жатканын жашырганда жарака кеткен. Бул туурасында Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Михаил Попов айтканын
РИА Новости жазды.
"Адатта АКШда өзөктүк куралды колдонуу чечимин президент коргоо министри жана Куралдуу күчтөрдүн жетекчилер комитетинин бириккен штабынын төрагасынын макулдугу менен кабыл алат. Бул тартип күнү-түнү жана тынымсыз иштеп турат. Ал эми коргоо министри ордунда жок, кайда экендигин жана анын ордун ким алмаштырарын эч ким билбейт. Пресса анын ишинин бир бөлүгү министрдин орун басары Кэтлин Хикске жүктөлгөндүгүн жазууда. Ал дагы ошол учурда Пуэрто-Рикодо эмгек өргүүдө болгон", — деген "Известия" басылмасына берген маегинде Попов.
Ал адаттан тыш нерсе болгонун белгиледи.
"Таң калып деле болбойт, мындайча айтканда, АКШнын өзөктүк калканынан жарака кетти", — деп кошумчалаган ал.
Анын айтканына караганда, бул, кыязы, АКШнын Өкүлдөр палатасынын Куралдуу күчтөр боюнча комитетинин төрагасын түйшөлтүп, Остинге мыйзам чыгаруучулар алдында түшүндүрүшүн белгилеп, кат жолдогон.
Мындан мурдараак Остинден простата рагын аныкташканы маалым болгон. 2023-жылдын декабрында Пентагондун башчысын Уолтер Рид атындагы улуттук аскердик-медициналык борборго жаткырышкан. Операциядан кийин Остин үйүнө чыгып, бирок абалы оорлогондуктан 1-январда кайрадан ооруканага алып барышкан. Анын медициналык жайга пландалбай, тагыраагы, капыстан жатып калышы Америка өкмөтүндө чуунун чыгышына себеп болгон. Январда Ак үйдүн стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирби Остиндин оорусу тууралуу президент Жозеф Байденге өз учурунда маалымдалбаганы көйгөй жаратканын билдирген.
Чуудан кийин Пентагон башчысын АКШ Конгрессинин Куралдуу күчтөрдүн иштери боюнча комитетине 14-февралда көрсөтмө берүүгө чакырышканын жогоруда айтылган каттан улам билүүгө болот. Анын тексти комитеттин сайтына жарыяланган.
Жакынкы күндөрү табарсыгындагы көйгөйлөрдүн улам Остин кайрадан ооруканага түшүп калган. Бул кырдаалдан соң Пентагон жетекчиси ыйгарым укуктарын орун басары Кэтлин Хикске өткөрүп берген. Дарыланууга жатып калгандыктан Остин Украина донорлорунун Брюсселдеги жолугушуусуна барбай, алар шаршемби күнү виртуалдуу түрдө жолугушууну пландап жаткандыктарын Пентагондун өкүлү РИА Новостиге билдирген.
17 Жетинин айы 2023, 17:34