11-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПарктагы адамдар. Архив
Парктагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2024
Жазылуу
11-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Жекшембиде республика аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +11…+16, Талас жеринде +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +12…+17, Ысык-Көл облусунда +4…+9, Нарын чөлкөмүндө -4…+1 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +14…+16, Ош шаарында +15…+17 градуска жетет.
Асма жол кабинасы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2024
Бишкекте асма жол курулат. Мэр анын кайда тартыларын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0