Садыр Жапаров АКШнын мамкатчысы Блинкендин катына жооп берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2024
Жазылуу
Анда өлкөдөгү ички саясий кырдаал жана демократиялык абал боюнча жүйөлүү жооптор камтылган.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушканын ведомстводон маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, министр элчиге Садыр Жапаровдун АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге даректелген жооп катын тапшырган. Ал өлкөдөгү ички саясий кырдаал жана демократиялык абал боюнча жүйөлүү жоопторду камтыйт.
Буга чейин ЖМКлар Блинкен Кыргызстандын президентине кат жазып, бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна өзгөрүүлөрдүн киргизилишине кабатыр болуп жатканын билдиргенин маалымдашкан. Өзгөрүлгөн мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөдөн каржыланып саясий ишмердүүлүккө аралашкан коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөнүн өкүлчүлүгү деген макам алып, атайын реестрге киргизилет.
Эске салсак, мыйзам долбоору 2022-жылдын ноябрь айында иштелип чыккан. Анда коммерциялык эмес уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү каралган. Демилгечилердин айтымында, мындай долбоор коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн ачыктоону камсыздоо үчүн зарыл. Документте мындай уюмдар мезгил-мезгили менен каражат булактары тууралуу отчет берүүгө милдеттендирилери жана алардын каржылык операциялары коммерциялык сыр болбой тургандыгы жазылган.
Ведомство жолугушууда тараптар өз ара соода тармагында кызматташууну кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдар тармагында өз ара аракеттенүү маселелерин да талкуулашканын кошумчалады.
Журналист ноутбук менен иштеп турган учурда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Гранттардан көз каранды "эркин" ЖМКлар. Булардын милдети эмне?
Жаңылыктар түрмөгү
0