Батыш 10 жылда ЕАЭБдин мынчалык өнүгөрүн күткөн эмес. Эксперттин маеги

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевЕАЭБ өлкөлөрүн желектери. Архив
ЕАЭБ өлкөлөрүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2024
Жазылуу
Ушул жылдын 29-майында ЕАЭБдин түзүлгөнүнө 10 жыл толот. Негизи мындай уюм үчүн бул өтө аз убакыт. Ошого карабай жакшы көрсөткүчтөр бар.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Экономикалык панорама" программасында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов болду. Биз ЕАЭБдин 10 жылдык тарыхы жана келечеги тууралуу сүйлөштүк.
— ЕАЭБ жаратылыш ресурстарына бир топ эле бай уюм. Ошол ресурстарды кандай пайдаланууда? 10 жылга саресеп салсак...
— Мындай чоң уюмдар үчүн бул көп деле мөөнөт эмес. Он жыл уюштуруу иш-чараларын, экономика, каржы, соода, бажы системасын ордуна коюп алууга сарпталат. Баары даяр болгондо гана өсүү байкалат. Мындай чоң биримдиктин ишине түрткү берүүчү ар кандай окуялар да болот. Мисалы, уюмдун ишине жана Кыргызстандын экономикасына Украинага жасалган атайын операция таасир этти. ЕАЭБ жаңыдан жетилип бара жаткан күч, бирок географиясы абдан маанилүү. Ошол эле Кытайды карасак, ЕАЭБ менен тыгыз иштешүүгө аракет кылууда. Анткени эгер Кытайдын Америка менен болгон талаш-тартышы согушка чейин жетсе, АКШ деңиз аркылуу соода-сатыгы мыкты өрчүгөн Кытайдын жолун бөгөп коюшу мүмкүн. Американын аскер-деңиз күчтөрү жакшы өнүккөн. Ал эми Кытай товарларын Орто Азия аркылуу Батышка ташып өтө алат. Ушул жактары бар. Мындан 100 жыл мурун эле англиялыктар Евразия кимдин колунда болсо ал дүйнөнү башкарарын айтып, биз турган чөлкөмдү жердин жүрөгү катары сыпаттаган. Азыр байкасаңыз, АКШ, Германия баштаган батыштагы мамлекеттердин өкүлдөрү биздин чөлкөмдө "5+1" форматындагы жолугушууларды бекер өткөргөн жок. Евразия, Орто Азиянын потенциалы абдан чоң. Соода жолдору ушул аймактан өтөт.
— Түштүк-Чыгыш өлкөлөрүнүн ассоциациясынын жетекчилери да ЕАЭБ менен иштешүү ниетин билдирди. Беш эле мамлекеттен турган кичине уюм дебестен өздөрү кол сунуп жатышы эмнеден кабар берет?
— ЕАЭБдин экономикасы, рыногу өсүп бара жатат, ресурска бай. Чынында баары экономикадан башталат. ЕАЭБ менен ШКУну кошуу тууралуу да ойлор айтылган. Саясат экономикадан көз каранды. Бизди ЕАЭБ экономика жаатында бириктирсе, ал эми геосаясат, коопсуздук боюнча ШКУ башыбызды кошуп турат. Ал жакка Кытай менен Индия кирген. Бул абдан чоң күч. Байкоочу катары көп мамлекеттер катышып, Куба, Венесуэлладан бери кызыгыысын билдирип жатат.
© Sputnik / Асель СыдыковаЭкономист Улукман Мамытов: Биримдиктин локомотиви Россия экени талашсыз. Атайын операция башталганда Россиянын экономикасы 2-3 пайызга түшөрүн божомолдошкон. Ага карабай бүгүнкү күндө РФ экономикасы 3,5 пайыздан өтүп, 4кө жакындап калды.
Экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2024
Экономист Улукман Мамытов: Биримдиктин локомотиви Россия экени талашсыз. Атайын операция башталганда Россиянын экономикасы 2-3 пайызга түшөрүн божомолдошкон. Ага карабай бүгүнкү күндө РФ экономикасы 3,5 пайыздан өтүп, 4кө жакындап калды.
— Уюм жаңы түзүлгөн учурда Батыш ЕАЭБдин келечегине болжолдуу анализ жасаган экен. Бүгүн Украинадагы абалга, пандемияга карабай бирикме жогорку көрсөткүчтөрдү бергени аларды таң калтырбай койгон жок...
— 10 жылдын ичинде жалпы ЕАЭБдин экономикасы 34 пайызга өсүптүр. Ооба, ушул аралыкта уюмдун жетишкендигине, көрсөткүчүнө баары эле таң калышууда. Биримдиктин локомотиви Россия экени талашсыз. Атайын операция башталганда дүйнөлүк каржы уюмдары Россиянын экономикасы 2-3 пайызга түшөрүн божомолдошкон. Ага карабай бүгүнкү күндө РФ экономикасы 3,5 пайыздан өтүп, 4кө жакындап калды. Украинаны эске алганда бул Россия үчүн абдан жакшы көрсөткүч. Россиянын гүлдөп өнүккөнү баарыбыз үчүн жакшы. Алар Батыштын санкцияларынан чочулап айрым экономикалык иштерин бизге көчүрүшкөн. Аракет кылбасак деле сырттан ырыскы келип, санкциянын жарыгы бизге да тийүүдө. Бирок бул мүмкүнчүлүктү толук колдоно алган жокпуз. Атайын операция башталгандан бери Кыргызстандын экономикасы 6 пайыз, ал эми Арменияныкы 12 пайыз өскөн экен. Бирок Армения акыркы кезде ЕАЭБге тескери карап жүрөт. Мунун да саясий себеби бар. Батыш Арменияга абдан көңүл бурууда. Анткени Россия Иран аркылуу түндүк-түштүк жолун биргелешип салып, каттам ачуу пландалууда. Бул транспорттук коридордо Азербайжан менен Армения да жайгашкан. Экөөнүн ортосуна чок салып жаткан да Батыш. Согуш отун тутантып бул стратегиялык жолдун салынбай калышына абдан аракет кылып жатышат. Ушул негативдүү фактор Арменияны бирикмеден алыстатууда.
— Кыргызстан ЕАЭБди эмгек мигранттарын жиберүү жана жеңил өнөр жайы аркылуу гана пайдаланып келет. Дагы кайсы тармактар менен экономикабызды көтөрсөк болот?
— Кыргызстандан чыккан кийимдер адистердин жетишсиздигинен сапатын жоготуп жатканы айтылганы менен сандан сапатка өткөн ишканалар да бар. ЕАЭБ ичинде кийимдерибиз бренд катары жаңы трендге өтүп, бирикмеде экинчи Милан болсок жаманбы? Республикадагы айрым жеңил өнөр жай ишканалары кеңейип жатканы байкалат. Алар корпорацияга айланса жакшы болот эле. Анткени акча жүгүртүүсү кеңейип, Кыргызстандын жүзү болот. Жаңы жабдыктарды алып, арканды алыс таштап, инвестициясы эффективдүү болот. Буларды да колдоо керек. Россиянын аймактары менен да ишкердик алака кылсак болот. Бул жаатта туризмге жакшы инфраструктура түзбөй жатабыз. Кыргыз өкмөтү "өнүгүүдөбүз" деп жатат. Биздин реалдуу сектор өнүккөн жок, атайын операциянын арты менен соода кылгандар жана банктар гана өсүп жатат. Акчанын көбү Кыргызстан аркылуу өтүп жаткандыктан банктар кирешесин аябай эле көбөйтүп алышты. Өздөрү эле байып, реалдуу секторго акча бөлбөгөнү үчүн банктарга сын көз караш менен карайм. Башка экономисттер деле ушул пикирди карманууда. Экинчиден, бизди россиялыктар, арабдар, ошол эле кытайлар да экономикалык зона катары эсептеп жатышат. Бул жагынан да мүмкүнчүлүктөрүбүз бар экен.
© Sputnik / Асылбек БактыбековЭкономист Улукман Мамытов: Биздин реалдуу сектор өнүккөн жок, атайын операциянын арты менен соода кылгандар жана банктар гана өсүп жатат.
Экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2024
Экономист Улукман Мамытов: Биздин реалдуу сектор өнүккөн жок, атайын операциянын арты менен соода кылгандар жана банктар гана өсүп жатат.
— Михаил Мишустин "кийинки жылы ЕАЭБ кооперациялык долбоорлорду колдоого бюджеттен 20 миллион доллар бөлөт, долбоорлоруңарды азыртан бергиле" деди. Бар мүмкүнчүлүктү жакшы колдоно албай жаткандайбыз?
— Ооба, уюмдун ичинде мүмкүнчүлүктөрдү жакшы колдоно албай жатканыбыз чоң маселе. Ушундай долбоорлорду көбөйтүү керек. Сооданын артынан эле жүрө бербей, өндүрүштү жолго коюу зарыл. Мисалы, Россиянын Новосибирск шаарында илимий-технология абдан өнүккөн. Мыкты жер семирткичтерди, атайын препараттарды чыгарып жатышат. Кыргызстан менен иштешүүнү алар да каалашат. Бизге да керек. Россиянын ойлоп табуулары да Батыштан кем калбайт, болгону бир аз каржылоо жетишпей турат.
— Алдыдагы он жылдыкка кандай саресеп салсак болот?
— Кызык мезгилде жашап жатабыз. Баары дүйнөнүн кайсы тарапка өзгөргөнүнө жараша болот. Азыр геосаясатта көп нерсе чечилүүдө. БАЭ соода жүгүртүүдө доллардан баш тартууда, бул да болсо дедолларизацияга болгон кадам. Бизге өндүрүш керек экенин баарыбыз түшүнүп турабыз. Алдыда темир жол салынышы күтүлүүдө. Ал эми билим берүү жаатында биздин жаштар айрым адистиктерге Россиядан же башка чет мамлекеттен окуп келгени жакшы. Бирок өкүнүчтүүсү — көбү мекенине кызмат кылбай четте калып калууда. Бул да биздин экономикалык, билим берүүдөгү стратегиялык абалыбызга байланыштуу экени талашсыз.
Сом тыйындарынан жасалган ай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Ислам каржылоо принциби либералдык экономикага олуттуу атаандаш боло алат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0